А.Атамбаев: Журналисттин эрктүүлүгү – чындык, акыйкаттуулук жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө билинет
Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 27-октябрда журналист Сыргак Абдылдаевге «Эрдик» медалын тапшыруу учурунда, журналисттин эрктүүлүгү анын чындык, акыйкаттуулук жана сөз эркиндиги үчүн күрөштө билинет, деп белгиледи.
Президенттин басма сөз кызматынан маалымдагандай, президент А.Атамбаев менен С.Абдылдаевдин жолугушуусу учурунда өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын өнүгүү маселелери, коррупцияга каршы күрөшүү жана ар кандай чөйрөдөгү реформалардын жүргүзүлүшү талкууланды.
Мамлекет башчысы өлкөнүн демократиялык өнүгүшүндө ЖМКнын өзгөчө ролун белгилеп, мамлекет Кыргызстандын журналистикасынын өнүгүшү үчүн баардык шарттарды түзө тургандыгын кошумчалады. «Журналисттин эрктүүлүгү анын чындык, акыйкаттуулук жана сөз эркиндиги үчүн күрөшүндө билинет. Анын жумушу өлкөнүн кызыкчылыгында болушу керек», – деди А.Атамбаев.
Булак: Баракелде
Комментарий кошуу