Чычкан аке, суу берчи? (фото баян)
Быйыл, сентябрь айына карата Базар-Коргон айыл аймагында жашаган 40 миңге жакын калк таза суу менен толук камсыз болуусу керек. Азыркы мезгилде Азия өнүктүрүү банкы (АБР) тарабынан 4,8 млн АКШ долларын түзгөн каражат аталган долбоорду ишке ашырууга жумшалмакчы. Таза суу долбоорунун заказчиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик курулуш, архитектура жана ЖКХ агентствосу болуп саналат. Ал эми курулуштун генералдык подрядчиги «Людвиг Пройфер» немец компаниясы жана субподрядчиги Бишкек шаарына жайгашкан «Минур» ЖЧКсы .
Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Абдыкадыр Жолчуев белгилегендей, азыркы учурда негизинен 3 багытта иш жүргүзүлүп жатат. Биринчиси, Карача айылынын жанындагы Кызыл Крест тарабынан курулган суу сактоочу жайды кеңейтүү. Мындан сырткары бул жерге дагы бир скважина курулат, хлораттык станция, 1000 кубтук эки даана резервуар, жаңы электр тогун бөлүштүрүүчү трансформатор менен жогорку басымдагы суу айдоочу насостук станция дагы кошо курулат.
Экинчиси, Базар-Коргон айылында 12 км аралыктагы таза суу системасы толугу менен реаблитация кылынат. Ошондой эле 1100 метр жерге жаңы суу трубасы жаткырылып, 5 км аралыктагы эски суу трубалары толугу менен жаңыланат. Таза суу системалары жаңыланган көчөлөргө, элдердин үйлөрүнө алып кирүү үчүн улануучу түйүндөр орнотулат.
Үчүнчүсү, Базар-Коргон айылындагы көп кабаттуу үйлөр жайгашкан Эне-Сай аймагындагы төрт кабаттуу үйлөргө таза суу чыгарып берүү үчүн 3500 метр таза суу системасы толугу менен жаңыдан курулат. Мындан сырткары 2700 метр канализация толугу менен жаңыланып, суткасына 250 куб чыгынды сууларды тазалоочу модул орнотулат.
Базар-Коргон айыл аймагында АБРдин каржылоосу менен курулуп жаткан таза суу долбоорунун азыркы учурдагы курулуш иштеринин жүрүшү менен Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жеринде кенен таанышып, долбоорду ишке ашырып жатышкан адистер менен кең-кесири баарлашты.
Таза суу долбоорун курууну ишке ашырып жаткан «Людвиг Пройфер» немец компаниясынын башкы менеджери Растко Жокич мырза белгилегендей, долбоор 456 күндүн ичинде бүтүүгө тийиш. Тагыраак айтсак, быйылкы жылдын сентябрь айында бүткөрүлүүсү каралган. Бирок, Базар-Коргон районунун акими Таалайбек Дөлдөев айткандай, бул мөөнөттө бүткөрүү дегеле мүмкүн эмес. Анткени долбоорду бүткөрүүгө бөлүнгөн убакыттын жарымы эчак эле өтүп кетти. Канткен күндө дагы, Базар-Коргон айылынын миңдеген калкы «Чычкан аке, суу берчи?» деп таза суунун азабын аябай эле тартып жатышкан кездери.
Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу

Комментарий кошуу