Бороновдукабыл1

2015-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына нөшөрлөгөн жамгырдын жана кардын эришинен улам Талас облусунда катталган селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда Кубатбек Боронов Талас облусундагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп чыккан жумушчу сапарынын жыйынтыктары туурасында айтып берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Таластагы селдин кесепетинен жабыркаган бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиш экендигин айтты.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарыбыз өздөрү да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы министрлик жаз айларында көп катталчу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жигердүү иштеп, калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.