Кыргыз жаңгагы качан Жалал-Абаддын жүзү болот? (фото баян)
Жалал-Абад облустунда табигый түрүндө өскөн жаңгак токойлору 33 миң гектардан ашуун аянтты ээлейт. Өткөн жылы жаңгак токойлорунун түшүмү жакшы болуп, тоолуктар «ханга салам бербей калышкан». Былтыр ноябрь айында Жалал-Абаддагы Барпы театрында биринчи жолу «Жаңгак фестивалы» өткөрүлүп, анда жаңгак токойлорун туура асырап кароо, жаңгак маңыздарын максаттуу иштетүү жактары туурасында кеңири сөз болгон. Бирок, чындыкты айтыш керек, «колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, дүйнөдө сейрек кездешкен жаңгактуу токой байлыктарын максаттуу жана сарамжалдуу иштетүүдө кемчилдиктер дале арбын.
Токой байлыктарын, анын ичинде жаңгак маңыздарын кайра иштетүүдө Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагындагы кыргыз-түрк биргелешкен «Фермерс-Урганик-Горбен» ишканасы менен Базар-Коргондогу Горез Фарук аттуу түрк жетектеген «Сымай-Гыда» ЖЧКсы тонналаган жаңгак маңыздарын элден жана базарлардан алышып, Түркияга жөнөтүп жатышат. Өткөн жылы майдаланбай таза жана бүтүн чагылган жаңгак маңыздарынын 1 кг баасы 350-400 сомдон сатылып жатты. Ал эми ошол эле жаңгак маңыздары Түркияда кайрадан иштетилип, Европа өлкөлөрүнө он эселеп кымбат сатылып жатат. Жаңгак маңызынын пайдасын дагы деле болсо «жаңгакты терип, белин оорутпаган» башка өлкөлөрдүн ишкерлери көрүп жатышат.
Сузак районунун Кара-Алма айыл аймагында жаңгак маңыздарын кайра иштетүүчү цехтин курулушу жүрүп жатат. Ал бүтүп калса 80 адам жумуш орундары менен камсыз болуп, жылына 200 тонна жаңгак маңызын сыртка экспорттоо мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. Аманчылык болсо аны дагы көрөөрбүз. Ал эми азыр болсо адам баласынын ден соолугу үчүн чоң дарылык касиетке ээ болгон кыргыз жаңгагынын тонналаган маңыздары туркияга арзан баада кетип жатат. Базар-Коргон районундагы «Сымай-Гыда» ЖЧКсында ондогон кыз-келиндер жаңгак маңыздарын сортоодо иш алып барышып, жакшы эмгек маяналарын алып жатышат. Бирок, бул көрүнүш кыска мөөнөттүү, убактылуу гана, болгону сезондуу гана жумуш.
Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу





Комментарий кошуу