Ала-Бука районунун чек арачы жоокерлерине арналган “Апамдын наны” аттуу акция болуп өттү
Ала-Бука районунун чек арачы жоокерлерине арналган “Апамдын наны” аттуу акция жергиликтүү энелердин атынан уюштурулду. Мындай акция жыл сайын өткөрүлүп турат. Бул жолу чек арачыларга арналган чакан концерт уюштурулуп, ошондой эле белектер тартууланды. “Биз мындай акцияны уюштуруу менен алыстагы балдарыбызга дем-күч берип, алар дайыма жүрөгүбүздө экенин билдиргибиз келет”-дейт уюштуруучулар тобу.
Комментарий кошуу