Ак-Талаада ачылган мектепке Президент А.Атамбаев 7 даана компьютер тапшырды
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы жаңы салынып, пайдаланууга берилген С.Атамбеков атындагы орто мектебине Президент Алмазбек Атамбаев 7 даана компьютер жабдыгын берип жиберген. Мындай маалыматты кечээ, 2-ноябрда президенттин куттуктоосун мектептин ачылыш аземине келген ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбеков билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.
Эл өкүлү өлкө башчысынын куттуктоосун окуп, 7 даана компьютердин сертификатын тапшырды.
«Урматтуу Ак-Талаа районунун эли, анын ичинде Кызыл-Белес айыл аймагынын тургундары, сиздерди бүгүнкү жаңы мектептүү болушуңуздар менен куттуктайм. Ушул мектептен келечектин муундары тарбияланышы керек, келечекте кыйын инсандар чыгышы керек. Аны менен бирге эле, биз Ак-Талаага чыгаардан мурун Президент Алмазбек Шаршенович менен жолугуштук. Ал киши жалпы сиздерди жаңы мектептуу болушуңуздар менен куттуктап, аны менен бирге эле, компьютердик класс үчүн 7 даана компьютерди сиздердин мектепке белекке берди», – деди Ч.Турсунбеков.
Эл өкүлү 7 компьютердин сертификатын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин колуна тапшырды.
Булак: Turmush

Комментарий кошуу