Министр К.Турдубаев:Казакстандан импорттоло турган электр кубатынын баасы аныкталды
Казакстандан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, алдын ала сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен электр энергиясынын болжолдуу баасы калк үчүн 2-тепкичте 2,05 сом, өндүрүшчүлөр үчүн 2, 19 сомдук баалар сунушталууда.
Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев кечээ, 31-октябрда КТРКнын түз эфиринде билдирди.
Быйылкы кышта калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн эки тараптуу — Казакстан жана Түркмөнстан менен импорттоо жагында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деди министр.
Казакстан менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын жана алдын ала макулдашуулар бар экендигин айткан министр алдын ала сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен импорттоло турган электр энергиясынын баасы аныкталгандыгын билдирди.
«Буюрса, Кыргызстанга ноябрь айынан баштап импорт берет. Алдын ала сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, кечээ кечинде баалар да аныкталды. Учурда Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында импорттун баасы 1 кВт/сааты 5 сом 13 тыйынга барабар. Ал бааны Кыргызстандагы электр энергиясындагы баа менен аралаштырып, орточо баа чыгардык. Калк үчүн 2-тепкичке (айына 700 кВт/сааттан ашкан абоненттер) 2 сом 5 тыйын бааны сунуштап жатабыз, ал эми 1-тепкич 700 кВт/саатка чейин 70 тыйын болот. Өндүрүш керектөөчүлөргө жана башка керектөөчүлөргө, ошону менен бирге бюджеттик керектөөчүлөргө импорт менен аралаштырып 2 сом 19 тыйын бааны сунуштап жатабыз», – деди К.Турдубаев.
Ошондой эле, эгерде, жаңы тариф кабыл алынса 1-сентябрдан баштап 1 сом 20 тыйын төлөп жаткан 3 фазалуу абоненттерге кайра эсептөө жүргүзүү маселесин сот чече тургандыгын белгиледи.

Комментарий кошуу