энелер1

Ош  облусунан  жалпысынан   1300дөн  ашуун  7 баласы бар энелерге “Баатыр эне”  ордени,  6 баласы  барларга “Эне  даңкы” медалына көрсөтүү боюнча  тиешелүү   документтер  даярдалып, Президентке  жөнөтүлүүнүн алдында  турат.  Өзгөн  районунан-333, Кара-Суудан-274, Ноокаттан- 252,  Аравандан- 55  энелердин  документтери  даярдалып  бүттү. Ош  облустук  үй-бүлө жана  аялдар  иштери боюнча   комиссиянын төрайымы Капарова  Анаркан Өкмөттүн, Президентибиздин  энелерге көргөн мындай  камкордугу көп  балалуу  энелерди  колдоо гана  болбостон, улуттун  демографиялык  жактан  өсүшүнө да жакшы таасирин тийгизерин  белгиледи.

 Ризван   Исмаилова