Өлкө санариптик телеберүүгө өтөт
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүлөргө өтүү боюнча 2014-жылга карата пландалган иш-чараларды аткарып бүткөндүгүн жана алдыдагы аткарыла турган пландары туурасында министрдин орун басары Айнура Темирбекова массалык маалымат каражаттарына билдирди.
Министрлик тарабынан телеканалдардын социалдык пакети түзүлгөн. Социалдык пакет өзүнө 8 каналды камтып, алардын жетөө республикалык болсо (КТРК, Баластан, Маданият, ЭлТР, 5-канал, Пирамида жана Мир), ал эми сегизинчи канал региондо көрсөтүлүп жаткан телекомпанияны камтыйт.
Кыргызстандын санариптик берүүгө өтүү боюнча Программаны жүзөгө ашырууда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги калкка жалпыга маалымат каражаттары аркылуу санариптик телеберүүгө кантип өтүү керектиги тууралуу кабарлап турат. Санариптик телеберүүгө өтүү кандай өзгөрүүлөр менен коштолоору туурасында айтып туруу үчүн видеороликтер даярдалган.
Мындан сырткары, министрлик өз көрсөтүүлөрүн санариптик берүүдө социалдык пакет аркылуу таратуу үчүн жеке каналдарга сынак жарыялаган. Тандоодон өткөн телеканал өз берүүлөрүн күнү-түнү социалдык пакет аркылуу таратуу мүмкүнчүлүгүн алат.
Айнура ШАЙКЕЕВА


Комментарий кошуу