Калктын саламаттыгындагы темирдин жетишсиздигин жоюу максатында “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөр 3-окууга добуш берүүгө жолдонду
“Нан унун байытуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңешинин депутаттары Дамира Ниязалиева, Чыныбай Турсунбеков, Алтынбек Сулайманов, Кожобек Рыспаев, Мирлан Бакиров, Талантбек Узакбаев, Абдимуталип Кочкорбаев, Карамат Орозова, Сайдулла Нышанов.
3-окуудагы мыйзам долбоорун депутат Талантбек Узакбаев алып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, адамдын организмине энергиялык керектүү заттардын 75% дандан алынат. Ал эми данды ун кылып тартууда витаминдер менен микроэлементердин 80% улпакка чыгып кетет. Нан унун байытуу менен негизинен эне менен баланын ден соолугундагы темир жетишсиздиги жоюлат. Ошентип, мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына кам көрүүгө багытталган.
Талкууда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечи Т.Узакбаев ундун байытылышында 1 кг унга 3 тыйын кошулаарын тактап берди. Депутат Абдулатип Режевалиев мыйзам долбооруна ун комбинаттары дагы каршы эместигин, унбун баасына эч кандай таасир этпестигин айтып, долбоорду колдоого алды. Мыйзам чоң-чоң ун комбинаттарына гана тиешелүү экени белгилүү болду.
Аталган маселеге байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорунда унду байытуунун эрежелерин бузгандарды, байытылбаган унду социалдык мекемелерге берүү, сатып өткөрүүгө жол бергендерди администрациялык жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.
Мыйзам долбоорлору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу