балабала

Бүгүн 5- февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев, акыркы кезде Кыргызстандагы жаш балдарга карата зордук-зомбулук күч алганын, өз жанын кыйган балдардын саны 94кө жеткенин айтты.  Февраль айындагы Өкмөт саатын балдардын коопсуздугуна арноону чакырды. “Акыркы кездерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында жаш балдарга болгон кордук, зордук- зомбулуктар болуп жатканынан кабардар болуп жатабыз, тез арада жапа тырмак бир чара көрүшүбүз керек. Кайдыгер карап отурган болбойт, дин өкүлдөрү кошулуп, түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек,”- деди эл өкүлү.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА