парламент1

2015-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында карала турган маселелер. Күн тартибинде 11 маселе каралат. Алардын ичинде “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасында гендик-модификацияланган организмдерди камтыган продукцияларды өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып кирүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Иманкожоева Э.Б., Жумалиева Э.Б., Аманбаева У.А.) (Социалдык саясат боюнча комитет караган). “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” (“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Иманкожоева Э.Б., Жумалиева Э.Б., Аманбаева У.А.) (Социалдык саясат боюнча комитет караган). Мыйзам долбоорлору каралат

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА