отурум1 отурум

Кечээ, 3-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүндө жыл жыйынтыгын чыгарган кеңейтилген коллегиянын жыйыны өткөрүлүп, анда 2014-жылдагы социалдык-экономикалык иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2015-жылда аткарылуучу иштердин милдеттери белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Кеңейтилген коллегиянын жыйынын Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева алып барды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев катышты.

Коллегия жыйынында өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов областта 2014-жылда аткарылган социалдык-экономикалык иштердин жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат жасады. Анда маалым болгондой бир катар ийгиликтер жаратылгандыгы менен бирге айрым көрсөткүчтөр менен тапшырмалар аткарылбай калган. Алсак, өткөн жылы областта 13 млрд. 60,8 млн. сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөндүгү менен 2013-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн индекси 98,4 пайызды гана түзгөн. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоодо салыктардын түрлөрүнөн жалпысынан 2 млрд. 715,3 млн. сом жыйналып, план 100,1 пайызга аткарылганы менен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктын жыйымы 96,8 пайызга аткарылып, мамлекеттин казынасына 52 млн. 82 миң сом түшпөй калган. Мындан сырткары жайыт акысынын жыйымы болгону 84,4  пайызга гана аткарылган.

2014-жылы область боюнча 30255 наристе төрөлүп, анын ичинен  бир жашка чейинки 585 наристелердин өлүмү катталган. Бул  2013-жылга салыштырмалуу 1,3 көрсөткүчкө көбөйгөн. ошондой эле 14 эненин өлүмү катталып, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 46,7ни түздү. Бул калктын саламаттыгын сактоодогу тынчсыздандыруучу жана коркунучтуу көрүнүш.

-Жалал-Абад областынын  Кыргызстанда өзгөчө орду бар. Республиканын калкынын 20 пайызы жана өлкөдө өндүрүлгөн электр  энергиясынын 90 пайызы областтын энчисине таандык. Азыр Кыргызстан Евразиялык экономикалык кызматтыштык аймагына кирүү боюнча 40 тан ашуун мыйзамдарды иштеп чыктык. Азыркы кезде Россия биздеги Ленин, «Дастан» жана «Шер» заводдоруна атайын өндүрүштүк тапшырмаларын берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрө баштады. «Газпромдун» жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга 45 млрд. сом инвестиция жумшаарын билдирди. Балдарга карата зомбулукту жок кылуу боюнча чечкиндүү иш чараларды көрүшүбүз керек. Жалал-Абад областында балдар менен энелердин өлүмүнүн эмне себептен көбөйүп жаткандыгын, балдарга жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата жасалган коомго жат жагымсыз көрүнүштөрдү терең анализдеп, ишке аша турган практикалык иш-чараларды иштеп чыгууңуздар зарыл. Ала-Бука районунда өспүрүм балдар арасында мушташ менен чыр-чатактардын көп болуп жатышы өнөкөткө айланып бараткандай. Бул маселеге райондун акими жоопкерчилик менен мамиле жасап, калк арасында түшүндүрүү иштерин жандандырып, коомдук саясий стабилдүүлүк боюнча катуу жана чечкиндүү иш алып баруусу керек. Диний кырдаал аша чаап кетүүдө. «Чала молдо дин бузат» дегендей имамдардын билимдери аябай тайкы болууда. Мамлекет тарабынан диний саясат боюнча консепциясы иштелип чыгылды. Өзүңүздөр кабардар болдуңуздар, жакында эле үй-бүлөсүн толугу менен Сирияга жөнөтүп жиберген адам кармалды. Азыркы учурда Сирияда Кыргызстандын 317 жараны жүрөт. 17 адам ошол жерде каза болушту. Ал жакка кеткендердин арасында кыз-келиндер көбөйүп жатат. Өзгөчө оор кылмыштардын саны өсүүдө. Акимдер, шаар жетекчилери айрым бир ууч топтордун жетегинде иштеп калгандыгын жашырбаймын.

Мамлекеттик саясатты туура жүргүзүп, мыйзамдуулуктун так аткарылышын камсыз кылышыбыз керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен «2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп жарыялады. Быйылкы жылы Датка-Кемин электр линиясы тартылып, бүткөрүлөт. Альтернативалуу Балыкчы—Жалал-Абад жолу курулуп жатат. Аманчылык болсо Камбар-Ата-2 ГЭСи бүткөрүлүп, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат,–деди коллегия жыйынында КРнын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев.

-Өткөн жылы 4 көрсөткүч боюнча алдыбызга коюлган тапшырманы аткара алганыбыз жок. Кетирилген кемчилдиктерди терең анализдеп, быйыл ишти алга жылдыруунун конкреттүү аракеттерин көрүшүбүз биздин милдетибиз. Быйыл май айында областта чоң  инвестициялык форумду өткөрүүнү белгиледик. Бул маселе боюнча Эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтык багытында иштеп жатабыз. Ал эми энелер менен наристелердин өлүмүнүн өсүп кеткендиги боюнча саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешмеде катуу талкуу өткөрөбүз. Жайыт маселесинин төлөмдөрү боюнча дагы иш алып барышыбыз керек. Быйылкы жылы область боюнча 10 жайлоо балдар бакчасын ачып, иштетүүбүз керек,–деди Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева.

Жыл жыйынтыгын чыгарган областтык коллегия жыйыны каралып талкууланган маселе боюнча тиешелүү токтом кабыл алды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу