Бийликтин күчү көзгө атарлардын мылтыгында эмес, адамдардын ишениминде
Эгемен Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында “Кызгалдак революциясы” аталган алгачкы төңкөрүштүн болгонуна эки айдан кийин 10 жыл, ал эми 2010-жылы кайталанган экинчи элдик апрель революциясына 5 жыл толот.
Өлкөбүздүн коомдук турмушун жана өнүгүшүн жаңы нукка өзгөрткөн бул эки революциянын тегерек даталарын жогорку деңгээлде белгилөө максатында Мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык Премьер-министр Жоомарт Оторбаев башында турган уюштуруу комитети түзүлдү.
Ушундан улам аз да болсо артка кылчаюуга туура келет. 2005-жылдагы саясий кризис, парламенттик шайлоолордун адилетсиз өтүшү калайык калктын мурда болуп көрбөгөндөй нааразылыгын жаратып, акыры Президент Аскар Акаевдин тактан кулашына алып келгендигин, андан соң мамлекет тизгини колуна тийген Курманбек Бакиев да ага чейинки бийлик кетирген каталардан жыйынтык чыгара албай, беш жылдык башкаруудан кийин Акаевдин тагдырын кайталагандыгын, бирок бийликтен кетиши “Ала-Тоо” аянтында кан төгүүлөр менен коштолгондугун эске түшүрүүгө аргасызбыз. Мансаптын даамына мас болуп, бийликти узурпациялаган Бакиев аны коргош үчүн аянтка келгендерге убадасына туруп, ок аттырып, 90дой адамдын өмүрлөрү кыйылган.
Эгемендүүлүктүн алгачкы мезгилинде Кыргызстан Борбор Азиядагы “демократиянын аралчасы” атка конгону, Аскар Акаев тактыдан кулаганда Еврошериктештик бул окуяны демократиянын жеңиши деп атаганы эсибизде.
Тилекке каршы, Акаевди бийликтен кетирүү менен элдин ой максаты, тилеген тилеги орундалган эмес. Тескерисинче, өлкөдө социалдык-экономикалык абалдын оорлошу экинчи революциянын чыгышын шарттаган.
Революцияларга узак жылдар бою уланып келген коом менен бийликтин карама-каршылыгы негизги себеп болгондугу айтпасак да түшүнүктүү. Адилеттикке жана чындыкка умтулуу элдик толкундоолорго, андан соң революцияга алып келди.
2011-жылы Өкмөттү жетектеп турган азыркы Президент Алмазбек Атамбаев “апрель революциясы планетадагы бардык деспоттук режимдердин кыйроосуна жол ачты” деп айтканы бар. Кийинчерээк өлкөбүздүн жаркын келечегине жарык чачкан апрелдеги трагедиялуу окуяларды элдин эсинде түбөлүк сактоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан “7-апрель – элдик революциянын күнү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган.
Бакиевдин тушунда 24-март элдик революция күнү деп жарыяланган.
“Кыргызстандын калкы өлкөдө реформалардын улантылышын, туруктуулуктун жана тынчтыктын болушун, ошондой эле өз тагдырын өзү чечүүнү каалайт. Кыргызстан гүлдөгөн өлкөгө айланарына ишенем. Ага апрель баатырлары жол ачты. Өлкө тарыхын өзгөртүп, алар эрдик жасашты. Жылдар өткөн сайын биз 7-апрелдеги окуялардын чыныгы баасын терең түшүнө баштайбыз. Бийликтин күчү көзгө атарлардын мылтыгында эмес, адамдардын ишениминде. Эгерде кимдир бирөөлөр 2010-жылдагы революция электр энергиясына тарифтер көтөрүлгөндүктөн келип чыкты десе жаңылышат. Анын себеби, 2007-2008-жылдары өткөн шайлоолордо. Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизги шарты”. Бул ой-пикир Президент Алмазбек Атамбаевге таандык.
Азыр бизге ошондой революциялардын кереги барбы деген суроо жаралат. Албетте, жок. Анткени, апрель революциясынын таасири түздөн-түз тийди дей албасак дагы, 2010-жылдын декабрь айында араб өлкөлөрүндө башталган төңкөрүштөрдүн залакасы азыркыга чейин уланып, бизге караганда аз да болсо өнүгүүсү бар өлкөлөр артка сүрүлүп, башаламандыктар дагы эле өкүм сүрүүдө. Эл аралык Geopolicity консалтинг компаниясынын эсебине таянсак, “Араб жазы” Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүн жалпысынан 55 млрд. доллар чыгашага учуратты. Эң эле чоң жабыркоого Сирия мамлекети кабылды – 27 млрд. доллар зыян тартты деп божомолдойт аталган компания.
Дагы бир мисал айтсак, Украинада эки жыл илгери башталган саясий кризис, акыры жарандык согушка айланып, өнүккөн Европанын толтосуна жанаша турган өлкө бар тарабынан жабыркоодо. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө 7 миңдей адам набыт болду. Мындай, мисалдар бийликтин эл тагдыры менен ойноого болбостугун ачык-айкын далилдеп турат.
Бактыбызга жараша, “эсиң барда этегиң жап” демекчи, революциялык эйфориялар акыл-эстүү аракеттерге орун бошотуп, акыркы үч жыл аралыгында өлкөбүздө туруктуулук өкүм сүрө баштагандыгы кубандырат. Элибиз жаратмандыкка умтулуп, өз жашоо деңгээлин көтөрүүнүн камына шымалана киришсе, бийлик алардын оюндагысын таап, ар тараптуу шарт түзүү аракетинде. Маселен, өткөндөгүдөй адилетсиздиктерге жол бербөө жана алдыдагы парламенттик шайлоолорду ачык өткөрүү максатында ушул тапта добуш берүүгө укуктуу жарандарыбыз биометрикалык каттоого алынып жаткандыгын айтсак болот.
Ал эми экономикабыздын бардык тармактарында инвестициялык ири долбоорлор жүзөгө ашырылууда, алардын арасында энергетикалык коопсуздугубуздун камылгасы да көрүлүп, ал турсун быйылкы тартыштыктарга карабастан калкыбызга электр энергиясын колдонууда кем-карчтык сезилбеди.
Өлкө башчыбыз айтмакчы, кодулаган күчтөр болсо дагы, азыр жарандарыбызды көчөгө чыгарууга эч кандай негиз жок.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу