өмүрбек1

Лидери Өмүрбек Текебаев баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Сайдулла Нышанов, Гүласал Садырбаева, Бакыт Калмаматов 24-январда Ысык-Көл облусунда болуп өткөн «Ысык-Көл демилгелери» аттуу курултайга катышты.

Иш-чараны уюштуруучулардын бири Өкмөтбек Алмакүчүковдун айтымында, дүйнөдө болуп жаткан ар кандай окуялар карама-каршылыктар менен коштолуп жаткан маалда Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бекемдөө максатында Ысык-Көл районунун жаштары мындай иш-чара өткөрүүнү демилгелеп чыгышкан.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ө.Текебаев глобализация доорунда дүйнө жүзүндө ар кандай кооптуу жагдайлар түзүлүп жаткандыгын, 2014-жылы Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп бекеринен жарыяланбагандыгын белгиледи. «Мындай шарттарда Ысык-Көлдүн жаштары тарабынан чыгып жаткан жогорудагыдай демилге Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн келечегин түптөйт. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жаңы этабы башталды», – дейт Ө. Текебаев.

Кыргыз элинин тарыхындагы эгемендүүлүктү орнотууга жетишилген окуяларга токтолгон курултайдын катышуучусу Медеткан Шеримкулов 1842-жылдагы Ысык-Көл, Нарын, Талас өрөөүнүндөгү кыргыздарды курултайынын маанисин ачып берди.

Депутат Болот Шер мындай демилгени колдоо менен бирге 1842-жылдагы курултай өткөрүп, кыргыз элинин эгемендүүлүгүн камсыздоого кам көргөн ата-бабалардын ишин татыктуу баалоо боюнча бир катар сунуштарын берди.

Тарыхчы Табылды Акеров аталган курултайдын тарыхый мааниси тууралуу илимий-практикалык конференция өткөрүү максатка ылайыктуу дейт. Кыргызстан эгемендиги жөнүндөгү талкууга аралашкан Акылбек Жапаров экономикалык көз карандысыздык маселелери боюнча ойлорун ортого салды.

Жыйынтыгында «Ысык-Көл демилгелери» иш-чарасынын декларациясы жарыяланды. Анда эгемендүүлүктү чыңдоо жаатында кыргызстандыктар дүйнөлүк билим мейкиндигине интеграцияланышы, эмгек мигранттарына туруктуу колдоо көрсөтүү, башка өлкөлөрдөн алынган тажрыйбалар, пайдалар өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнү багытталышы сындуу маселелер бар. Ошону менен катар жогоруда айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен, жер-жерлерде бул демилгени колдоо боюнча курултайларды өткөрүү белгиленди. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.