f27dfdd34f4d8df70c98ced1e1918f63_500_0_0

Ысык-Көл районунун Темир айылынын жашоочусу Төлөгөн Айткулуев темирден, жыгачтан, курулуш материалдарынан кураштырып, ретро-машина жасады. Ал өз машинасын 19-кылымдагы машиналарга окшоштуруп, кызыл түс менен боеп, үстүн шөкөттөп койгон. Татынакай көрүнүп турган эски үлгүдөгү жаңы машинаны кээде үйлөнүү үлпөт тоюну чыгуучулар жалдап алышууда. Азыр машина айылда жакшылык тойлордун жарчысы катары кызмат кылууда. Эмне кылам, кантип акча табам? – деп отура бербей, чыгармачылык менен бизнести айкалыштыра алган Төлөгөндөй балдар-кыздар көп чыкса деген тилек.

Сымбат МАКСУТОВА