Жол ачуу жогортодон башталганы дурус
Кыргызстанда чейрек кылым убакыттан бери коомчулуктун сын пикирине кабылып келген мамлекеттик башкаруу системасын заманга ылайык реформалоо албетте, оңой-олтоң иш эмес. Аны ырааттуу жана максатка ылайык жүзөгө ашыруу дүйнөлүк тажрыйбага таянууну жана кыйла каражатты да талап кылат. Ошого карабастан, бул багыттагы реформаларды өзүнүн приоритеттүү милдеттеринин бири катары эсептеген өлкөбүздүн Өкмөтү маанилүү кадамдарды жасап, өткөн жылдын 20-майында мамлекеттик башкаруу боюнча Жол картасын бекиткен.
Анда антикоррупциялык, соттук-укуктук, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызматты, мамлекеттик каражаттарды башкарууну, мамлекеттик катышуунун үлүшү арбын секторлорду, тоо-кен, энергетика тармагын реформалоону камтыган стратегиялык компоненттер белгиленген жана реформалар үч этапта ишке ашырылмак.
Өкмөттөн алынган маалыматка таянсак, Жол картада аткаруу пландалган 66 иш-чаранын кыска мөөнөттүү деп эсептелген 28и өткөн жылдын декабрына чейинки биринчи этапта аяктады. Орто мөөнөттүү делген экинчи баскычын быйыл декабрь айына чейин, ал эми үчүнчү этабын 2016-жылдын декабрына дейре жүзөгө ашыруу болжолдонууда. Жол картасын жүзөгө ашыруу алкагында Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан 18 укуктук-ченемдик актылар кабыл алынды.
Өкмөт аткарылды деген иш-чараларга токтолсок, алардын катарында электрондук портал түзүлүп, мамлекеттик сатып алуулар электрондук форматка өткөрүлгөндүгүн, энергетика секторунда көз карандысыз эсептөөчү жана жөнгө салуучу борбордун түзүлгөндүгүн, программалык бюджеттин киргизилгендигин, Коргоо кеңешинин катчылыгы иштеп чыккан маморгандарда коррупцияны жоюу боюнча кадамдык аракеттерди атоого болот.
2014-жылдын 17-июлунда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн, алардын стандарттарын, аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салууну камтыган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабылданды. Өкмөт ага чейин өзүнүн №303 токтому менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, аларга баш ийген тиешелүү түзүмдөр жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекиткен.
Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө коррупциянын алдын алуу, Кыргызстанда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегендердин тапкан кирешелерин ачыктоочу система түзүү, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын чыгымдоолорун милдеттүү декларациялоо аркылуу көзөмөлдөө максатында Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып, ал 2014-жылдын 19-сентябрында Өкмөттүн №539 токтому менен жактырылган.
Ал эми 2014-жылдын 17-ноябрында Өкмөт өзүнүн № 651токтому менен 2014-2017-жылга чейин аткаруу бийлигинин мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында электрондук башкарууну (“электрондук өкмөт”) киргизүү Программасы жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекиткен.
Өкмөттүн пикиринде аталган программа аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну кардиналдуу жакшыртуу, алардын ишмердигиндеги кайтарымдуулукту жогорулатуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын түрлөрүн кеңейтүү, ошондой эле чыгымдарды азайтып, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү максатында түзүлгөн. Буга кошумчалап айтсак, өткөн жылдын апрель айында Өкмөттүн № 223 Токтомуна ылайык, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине “Калктын ишеним индекси” аркылуу баа берүүчү ыкмалар өркүндөтүлгөн. Эми бул индекс мамлекеттик органдарга карата калктын реалдуу маанайын билип турууга шарт түзөт.
Мамлекеттик башкарууну реформалоонун Жол картасынын алкагында 18 укуктук-ченемдик актылар кабыл алынгандыгын жогоруда эскерттик. Маселен, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана мекемелериндеги ички аудиторлордун этикалык стандарттарын бекитүү жөнүндө” №721 токтомду, 2014-жылдын 7-февралында кабыл алынган “Ички аудит жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” КР мыйзамын (№29), “Коррупцияга каршы аракеттерди мониторингдөө жана баа берүүнүн ыкмаларын, коррупцияга каршы туруу боюнча мекемелик иш-чаралардын планын жана программасын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруунун ыкмаларын бекитүү жөнүндөгү” Өкмөттүн №44 Буйругун (2014.12.02) айтсак болот. Булардан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кызыкчылыктардын талашын чечүү жолдору аныкталган убактылуу жобо, сот системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору да Өкмөттүн токтомдору менен бекитилген.
2014-жылдын 4-августунда конкурс жана аукциондорду өткөрүү аркылуу лицензияларды берүүнүн ачыктыгын камсыздоону караган №436 токтомго кол коюлса, Өкмөт ошол эле айда өзүнүн №50 токтомуна ылайык, айрым мыйзамдарды даярдоо укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берди. Мындан ары жыл ичинде үнөмдөлгөн каражаттарды ишти сапаттуу аткарган кызматкерлердин эмгегин стимулдаштыруу үчүн төлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле, жергиликтүү өзү-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине уруксат берилет. Мындай чечим 2014-жылдын 22-октябрындагы № 609 Токтомдо камтылган. Ал эми 20-ноябрда Өкмөт 2014-2017-жылдарга электр энергиясына жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасындагы орто мөөнөттүк тарифтик саясатты бекиткен № 660 Токтомду кабыл алды.
Кошумчаласак, мамлекеттик секторду реформалоого Бүткүл дүйнөлүк банк зор колдоо көргөзүүдө. Кыргыз Өкмөтүнүн реформаларга умтулуусуна жогору баа берген бул эл аралык финансы институту Жол картасын даярдоого техникалык жардамын аяган жок. Ал эми мындан ары да көрсөтүлүүчү финансылык жардамдар Бүткүл дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын 2017-жылга чейинки өнөктөштүк Стратегиясында аныкталган. Аталган банктын мамлекеттик сектор боюнча адиси Яна Куницованын баамында Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик секторду реформалоонун маанисине өзгөчө маани берүүдө жана ал кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу өзгөчө сезилүүдө.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу