Токтогул Туманов: “Аң-сезим өзгөрмөйүн, коррупция азайбайт”
Сот тармагын реформалоо үчүн 2010-жылы Сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, ишке кирген. Конституциялык сот жоюлуп, анын ордуна Жогорку соттун Конституциялык палатасы түптөлгөн. Ушундай кадамдардан кийин сот реформасы катуу башталгандай көрүнгөн, бирок ыргагы солгундап бараткандай. Коомубузда сот системасы эң коррупциялашкан деп эсептелинип келет. Бул маселенин тегерегинде Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул ТУМАНОВду кепке тарттык.
– Токтогул Туманович, сот реформасы кандай жүрүп жатат?
– Сот реформасы Президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө багытталган, ал 2017-жылы аяктоого тийиш. Бул алкакта ишти 5 мыйзамды кабыл алуудан баштаганбыз: “Жогорку сот жөнүндө”, “Соттордун статусу тууралуу”, “Жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Конституциялык палата тууралуу” жана “Сот тандоо кеңеши жөнүндөгү” мыйзамдар. Соттор мурда бийлик тарабынан тандалчу, азыр мыйзамдын негизинде Сот тандоо кеңеши тарабынан тандалат. Бирок, сот тандоо кеңеши 4 жылдан бери жыйынтыктуу иштей албай, мыйзам бузууларга, коррупциялык элементтерге жол берилгендиги үчүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон. Жаңы жылдан баштап бул органды кайрадан түздүк, эми булар сотторду тандоону улантат. Көбүнчө жергиликтүү сотторго, Жогорку Сот, Конституциялык сот жана облустук сотторго судьялар жетишпейт. Мыйзамдарга коррупциялык элементтерди жоелу деген максатта өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мурда айрым сотторго артыкчылыктар берилип келген болсо, андай көрүнүштөр жоюлду. Мындан ары бардык соттордун укугу бирдей болот. Сот тандоо кеңешиндеги үч тандоодон кээде таза, баллы жогору юристтер да өтпөй калган учурлар кездешкен. Азыр биринчи эле тандоодо таза экени билинип, бардык экзамендерди жакшы тапшырган болсо, ошого басым жасалышы керек. Реформанын алкагында 8 мыйзамга – “Жазык-процесстик кодекс”, “Кылмыш-жаза” кодекси, “Жарандык процесстик” кодекси, “Жоруктар жөнүндө” кодекс, “Жазык-аткаруу” кодекси, “Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө”, “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө”, “Судьялардын статусу жөнүндө”, “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү үчүн бир топ тажрыйбалуу юрист, адис, депутаттарды чакырып, 9 айдын ичинде мыйзамдардын тутумунун 50%ын өзгөрттүк. Эгер 50%ы өзгөргөн болсо, жаңы редакция деп аталат. Бул мыйзамдар эми ушул жылы кабыл алынат. Азыр оңдолгон редакция сайттарга коюлуп, экспертизага берилип, адистерге жөнөтүлдү. Дагы ой-пикирлер болсо, кошуп бергиле деп адистерден суранып жатабыз. Аймактарда тегерек столдорду өткөрүп, талкууларды дагы уюштуралы деп турабыз. Реформаны жүргүзүү үчүн албетте каржы керек. Былтыр Өкмөт “Сот системасын стратегиялык жактан өнүктүрүү” программасын кабыл алды. Ал боюнча сот имараттарын оңдоо, алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо каралган. Сот чыгарган чечим мындан ары сайттарга коюлуп, канчалык деңгээлде туура чечим чыгарганы элге билинип турсун деген талапты коюп жатабыз.
– Сиз санап берген мыйзамдарда адамдарды эзип, соттон сотко сүйрөгөн же бири-бирин кайталаган беренелер бар. Булар боюнча кандай ойдосуз?
– Туура, беренелерде каалагандай чечим чыгарууга жол берген учурлар абдан көп. Булар бизге концепция катарында кирип жатат. Акырындык менен буларды жоюп чыгабыз. Материал абдан көп, ИИМ, прокуратура, Жогорку Сот органдарынан бул багытта сунуштарды алуудабыз. Бардык сунуш-пикирлерди топтоп туруп, акыл калчап, бир чечимди кабыл алабыз.
– Кыргызстан боюнча 447 сот бар, анын 300дөйү алмашышы керек болсо, азыр 115 соттун орду бош турат. Булар качан толукталат?
– Сот тандоо кеңеши ишин баштаса, алардын орду ушул жылдын ичинде толукталат. Соттордун жетишсиздиги кайдан келип чыкты? Үч жылдан бери сот тандоо кеңеши толук иштебегендиктен, ортодо пенсияга чыккан, ооруга байланыштуу кыскарып же каза болгон, коррупция боюнча кармалып, кызмат ордунан бошогон соттор болду. Соттор боюнча 8 кылмыш иши ачылды, экөө соттолду.
– Милиция менен соттордун ортосунда дайыма бир ажырым бар. Милициялар “биз кармаган кылмышкерди соттор бошотуп жиберет” десе, соттор “соттобой турган адамды кылмышкер катары кармашат” дешет. Булардын ишин канткенде жөнгө салса болот?
– Чынында, мындай тенденция да бар. Кармалган адамдын күнөөсү сотто аныкталбай калса бошотот, иштин жагдайларына жараша мөөнөтү кыскарат. Мыйзамды бузуп эле тескери чечим чыгаргыдай, соттордун деле башы экөө болбосо керек. Айрым мыйзам бузган соттор болушу мүмкүн, бирок баары эмес. Алар мыйзам алдында ант беришкен. Реформаны бир эле сотторго эмес, бардык күч органдарында жүргүзүү керек. Биз азыр таза, тажрыйбалуу, адилеттүү сотторду тандап алалы деп турабыз, демек, ИИМ да, прокуратура да жаңыланып, реформаланууга тийиш.
– Президент коррупцияга каршы күрөштү баштагандан бери канчалык азайта алдык? Бул терең тамырын жайган “илдетти” жеңүүгө алыбыз жетеби?
– Коррупция салыштырмалуу азайды. Ал өнүккөн мамлекеттерде деле бар, аны толук эч ким жеңе алган эмес. Коррупция деп адамдарды кармай берүү күрөш эмес, ал боюнча калыптанган системаны жана мыйзамдарды өзгөртүү зарыл. Эң негизгиси – элдин аң-сезими өзгөрүүсү кажет. Жумушун эрте бүтүрүшү, кылмышын жашырышы же жумушка орношушу үчүн эл өзү акча сунуштап, коррупцияны күчөтүп жатат. Аң-сезим, коом өзгөрмөйүн коррупцияны жеңүү кыйын.
– Энергетика министри мурда сотко сурак берип жүргөн деп айтылса да жооптуу кызматка дайындалды. Буга кандай ойдосуз?
– Эгер ал мурда соттолуп, туура эмес иштерди жасаган болсо, аны эч ким министр кылып шайлабайт эле. Энергетика тармагын жакшы билген адис катары ишти алдыга жылдырат деген ишеним менен колдоп беришти. Эми кандай иштеп кетээрин мезгил көрсөтөт. Биз деле мыйзамдарды жакшы ниет менен кабыл алабыз, жетекчилерди жакшы ниет менен дайындайбыз, бирок кандай иштеп кетээри анын табиятына, тажрыйбасына байланыштуу болот экен. Жакшы иштей албагандарын жумуштан бошотуп, ордуна тажрыйбалуу адистерден коюп жатабыз.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу