дарыгер

Оштогу медициналык окуу жайдын 3-курсунун студенти Бахтияр Байбулатов косметология жаатында бир нече ачылыш жасады. Учурда Бахтыя адамдын жүзүндөгү бырышты жазып, безеткини кетирүүчү “Мадина” аталышындагы бет майларын жана чач түшүүгө каршы суюктукту ойлоп тапты. Студент азыркы тапта “Мадина 4” аталышындагы тери рагына каршы дарынын үстүндө иштеп жатат. Анда сөз Бахтиярдын өзүндө болсун.

– Мындай ачылыштарга эмне түрткү болду?

– Мектепте жогорку класстарда окуп жүргөнүмдө эле косметологияга кызыгуум күч болчу. Сулуулукка ар бир жан суктанган өңдүү,мен да апаларыбыздын, кыз-келин, эже- карындаштар сулуу болушун каалайм.Ошол себептен, бет терисинин көйгөйлөрү менен күрөшкүм келди. 11-класстаокуп жүргөндө жүздөгү бырыштарды жазчу масканы ойлоп тапкам. Ал масканы жасоого 3 ай убакыт коротком. Масканынкурамындагы айрым чөптөрдүн мүнөзүнөн улам, аны күзгө маал гана колдонууга болот. Негизги курамына сүт кирди, себеби, анда лактоза, глюкоза бар. Андан сырткары, толокнянка, ряска (суу котур – майда жалбырактары суунун бетинде калкып турган балырдын бир түрү) жана башка чөптөр кошулган.

– Жакындарыңа бул аракетиң жактыбы?

– Апам сүйүнүп, батасын берген. Дары каражаттар сыналып, жыйынтыгын көргөнчө тынчсызданат. Жалгыз карындашым бар, дарыларды анын ысымы менен “Мадина” деп атадым. Баары даяр болуп, сыноого келгенде “Карындашцымдын бетин бузуп алсамчы…” деген коркунуч жаралган. Акыры бир тааныш эже менен апам сынап берди. Алар бир жума коюшту, жыйынтыгы кубантарлык болду. Башка тааныштар пайдаланып, алар да жактырышты. Ошондо гана өзүмө ишенип, 2013-жылы беттеги безеткижана алардан калган тактарды кетирүүчү лосьондун үстүндө иштей баштадым. Аны жасоого 13 күнүм кетти. Курамында 100 пайыз табигый дары чөптөр. Алардын баары тоолордо, дарыялардын жээктеринде өсөт.

– Дагы кандай дарылык каражаттарды чыгарууга кам көрүп жатасыз?

– Буга чейинки “Мадина 1”, “Мадина 2” маска, лосьонду эффективдүү каражаттардын катарынан орун тапты десем жаңылышпайм. Учурда “Мадина 3” деген чач түшүүгө каршы дары даярдап жатам. Аны өзүм сынадым, буюрса, жыйынтыгы мен күткөндөй. Буюрса, жакын арада аны кеңири тестирлөөдөн өткөрөм. Ошондой эле баштапкы баскычтагы теринин рагына каршы дарынын үстүндө иштеп жатам. Ал 2015-жылдын жай айларында даяр болуп калат. Эгер жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, ал чоң ачылыш болот деп ойлойм.

– Келечекте деле ушул багытта иш алпарасызбы?

– Кудайым буюрса келечекте өзүмдү пластикалык хирург катары көрөм. Бул адистик боюнча жогорку билим алууну көздөп жатам. Ал эми азыркы чыгарып жаткан каражаттарыма лицензия ала албай жатам. Лицензия   алууга акча каражат, тааныш-билиш керек экен. А меназыр студентмин. Лицензия алсам, чыгарган дарыларымды сатыкка чыгарсам, баарына жеткиликтүү болот эле. Келечекте чоң ишкана ачып, ал дарылык каражаттар Кыргызстандын атынан сыртка сатыкка чыкса деп кыялданам.Азыр 20 гана жаштамын. Алдыга койгон максаттарым арбын.

– Ачылыштарың туурасында билгендер көбөйүп, сунуштар түшсө, кабыл алат белең?

– Ойлоп тапкан дары каражаттарын чыгарганым тууралуу уккан чет элдиктерден сунуштар келет. 11-класста окуп жүргөндөматематикалык жадыбалды жаңы ыкма менен эсептеп чыккан болчумун. Ал тууралуу маалымат Түштүк Финляндиядагы абройлуу окуу жайлардын бирине жетиптир. Окуу жайдын өкүлчүлүгү мени менен байланышып, окууга чакырып, алардын окуу жайынын атынан ойлоп тапкан ыкмамды жарыялоону сунуштаган. Андан тышкары, Тажикстандагы Түштүк Кореянын клиникасынан практика өтөөгө чакыруу болуп жатат. Ошондой эле  бюджеттик окуу жайларда окууга сунуштар түшүүдө. Бирок ал сунуштардан баш тартуудамын. Мен мекенимден эч жакка кетким келбейт жана Кыргызстандын атынан гана чыгарам деген аруу максатым бар, аны аткарам.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА