Тармактык комитет жаратылыш газын импорттоодон алына турган бажы пошлинасын кыскартуу боюнча мыйзам долбоорун колдоого алды
23-декабрда Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча КР Улуттук банкынын бетачары кийинкиге жылдырды. Комитет мүчөлөрү аны караардан мурда тиешелүү документтерди депутаттарга таратып берип, таашынып чыккандан кийин талкуулоону ылайык көрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун күн тартибине кезексиз киргизип, биринчи окуусунда колдоого алышты. Бул мыйзам долбоору айрым бир товарларга акциздик салыктын базалык ставкасын жогорулатуу каралган. Алсак, алкоголдук продукцияларга: арак-винолорго 1.5 эсеге, пивого-1.2 эсеге, женил ичимдиктерге-3.3 эсеге, күйүүчү майлоочу майларга: бензинге 1.6 эсеге, дизелдик отунга-2.5 эсеге, мазутка-1.6 эсеге жогорулатуу белгиленген. Бул рыноктогу кырдаалга жараша өзгөрүп турат. Мындай жагдай бюджеттин толтурулушуна түрткү берет. Экинчи жагы Бажы биримдигине киргенде алардын кескин жогорулап кетишин алдын алат.
Ушул эле күнү аталган комитет «Бажы тарифи жөнүндөгү» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүнү да колдоп берди. Мында сырттан алынып келип жаткан жаратылыш газынан алына турган 35 проценттик бажы пошлинасын алып салуу жагы каралган.


Комментарий кошуу