ала-арча тазалоо

2014-жылдын 17-декабрында саат 16:00 чамасында Ала-Арча дарыясында муз  топтолуп, суу нугунан ашып кеткен. Ошондон бери сууну өз нугуна буруу иштери улантылууда.

Биринчи май районунда 2014-жылдын 22-декабры күнү Малдыбаев көчөсүндөгү «Космос» магазининин жанында муз топтолгон тосмону тазалоого КРнын ӨКМнен  2 самосвал жана 2 адам,“Жашылдандыруу” ишканасынан 5 адам,  “Бишкек суу чарба” ишканасынан 1 самосвал,  “Бишкек жылуулук тармагы” коммуналдык ишканасы тарабынан 1 самосвал, 2 адам,“Гранстар” ЖЧКнан 1 эксковатор, 1 адам,  №3-СМУ ишканасынан 1  самосвал, 1 эксковатор тартылган. Аткарылган иштин көлөмү 700 м3.

  Ленин районундагы Рыскулов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта: №12 “ЭК” ишканасынан 1 эксковатор,“Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 600 м3.

Ошондой эле көпүрөнүн ылдыйкы тарабын муздан тазалоого «Бишкек суу чарба» ишканасынан 1 эксковатор, “Жашылдандыруу” ишканасынан 1 трактор тартылып, аткарылган жумуштун көлөмү 420м³.

Мындан сырткары көпүрөнүн жогорку тарабын муздан тазалоого КР ӨКМнен 1 адам, 1 эксковатор тартылып,  көлөмү 400м³ болгон тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалоо иштери улантылууда.

2014-жылдын 22-декабрына карата аткарылган жумуштун көлөмү 2120м³ түзгөн, жалпы жумуш башталгандан бери аткарылган жумуштун көлөмү 11858м³ түзгөн.