преступ

Кызыл-Кыя шаарынын Караван а/о Жинжиген айылынын тургуну 1961-жылы туулган Дарманов Адылбектин 16-декабрь күнү анын сарайынан байланып турган сары түстөгү жашы 1 жашарлык торпогун белгисиз адамдар уурдап, натыйжада Дарманов Адылга 20000 (жыйырма мин) сом зыян келтирилген. Баткен ОИИБнын “Костоправ” операциясынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак көчөсүнүн №1 үйүнүн тургуну 1982-жылы туулган Салиев Болотбек Баткен ОИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан кармалып, КРнын КЖКнин 165ст.2п.негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Дамира ЮСУПОВА, Баткен ОИИБы