финансы
 «Ак-Терек» каналын куруу маселеси КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин артыкчылыктуу укугуна кирет. Бул тууралуу КР каржы министрлигинин Жогорку Кеңеш депутаты Анарбек Калматовдун айрым курулуш объектилерин каржылоо маселеси боюнча каржы министри Ольга Лавровага карата айтылган маалыматы боюнча билдирүүсүндө белгиленет.

Капиталдык салымдар боюнча каржылана турган курулуштардын жана объектилердин тизмеги КР премьер-министри жана Жогорку Кенештин профилдик комитети менен макулдашылат, деп эскертет министрлик.

«Каржы министрлиги тарабынан бекитилген объекттер боюнча суу чарба курулмаларынын курулушунун башкы тапшырыкчысы катары Суу чарба жана мелиорация департаментинин каражаттарынын жалпы көлөмүн каржылоо жүзөгө ашырылат. Ал эми суу чарба объекттеринин тизмегин түзүү жана «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен бөлүнүүчү финансы каражаттарын бөлүштүрүү КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин жоопкерчилик чөйрөсү болуп саналат», – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

2014-жылдын республикалык бюджетинен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2011-2015-жылдарга КРда суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү мамлекеттик программасын ишке ашыруу каржыланууда. Алсак, 2014-жылга бекитилген мамлекеттик курулуштардын жана объекттердин тизмегине ылайык «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча суу чарба курулмаларын куруу үчүн 170 млн сом көлөмүндөгү каражат каралып, КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментине толугу менен которулган.

Булак : Баракелде