Экономика илимдеринин доктору, көз карандысыз эксперт Кубанычбек Идинов: “Илимдер академиясы боюнча акылгөй чечим зарыл”
– Илимдер академиясынын 60 жылдыгында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев илимде реформа жасоону окумуштуулардан суранды. Бул боюнча кандай ой-пикирлер бар?
– Ой-пикирлер үч тараптуу. Союз кезиндегидей классикалык кылып, мамлекеттик структура катары сактап, каржылоону күчөтүү. Экинчиси, Батыштын ыкмасына салып университеттер менен илимий институттарды бириктирүү, институттардагы лабораторияларды илимий ишке катыштыруу, окумуштууларды практикалык семинарларды өтүүгө тартуу. Үчүнчүсү, Илимдер академиясын жоюп, кабинеттерин ижарага берүү менен акча табуу. Ушул үч ойдун ортосунда кагылышуулар болуп жатат. Илимдер академиясында үч багыт: коомдук илимдер, илимий-техникалык жана биологиялык-химиялык илимдер бар. Ушул турушунда, эч кимге баш ийбеген мамлекеттик уюм катары сактап калсак деген ойдун тегерегинде талкуу жүрүүдө. Бизде мыкты окумуштуулар көп болгон. Мисалы, азыр Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Акаевге чейин биздин Илимдер академиясынын президенти болгон Лаверев аскердик-өндүрүштүк комплекстин курамында энергетика боюнча окумуштуу болчу. Курманжан Датканын небереси Муса Адышев доктордук диссертациясында уранды кантип зыянсыздандыруу керектигин изилдеп чыккан. Анын тажрыйбасын уран чыккан жерлеринде Казакстан пайдаланат. Мына биз Бажы союзуна киргени турабыз. Ага кирип жаткан өлкөлөрдүн окумуштуулары Москвада кеңеш түзүп, глобалдуу изилдөөлөргө биргелешип катышсак деген оюн Лаверев айтып кетти. Жаңы жылга чейин Илимдер академиясынын тагдырын чечип жибербей, жакшылап ойлонуу зарыл. Жакында Италия менен Франциянын окумуштуулары учуп бараткан кометанын суусун алып изилдешсе, ал жердикинен таптакыр бөлөк суу болуп чыкты. Бизге да ушундай биргелешкен изилдөөлөр керек. Бир кезде айга барып топурагын казып келип изилдешкендер биздин Илимдер академиясынын физика-механика институтунун жаш окумуштуулары болгон. Тоолорду жардырып, экинчи жакка көчүрүүнү биздин окумуштуулар табышкан, ал практика ири ГЭСтерде колдонулуп жатат. Мындай мисалдарды айта берсе оголе көп. Кээ бир илимдерди университеттерге кошуп, окумуштуулары сабак өтө берсе болот. Кээ бир илимдер бар, аларга университеттен кадрлар даярдалбайт. Мисалы, геология, сейсмология институттарын кайда кошсо болот? Кезинде биздин геолог окумуштуулар изилдеп, даярдаган документтерди сырттан келген инвесторлор билип алып, кен казабыз деп жатышат. Акаев учурунда вице-президент болгон Кузнецов союз кезинде чалгынданып, изилденген материалдарды Москванын менчик фирмасына берип салган. Алар четөлкөлүк ири ишканаларга биздин алтын чыга турган жерлерди даяр долбоор кылып кымбатка сатышкан. Кыргызстанда миң жерден алтын чыгат. Чаткалда изилдейбиз демиш болуп, алтын рудасын бүтүндөй эле ташып кетип жатышат. Анын баарын токтотуп, азыр дагы изилдөөгө алуу кеч эмес. Кыргызстан Орто Азиянын өпкөсүнө таза аба бере турган аймак. Мөңгүлөр бизде эле калды. Бизди курчап турган коңшу өлкөлөрдүн баарында чаң чыккан эле талаалар. Кийин бул жерге дүйнөдөгү илимпоздорду чакырып, экологияны изилдесек болот. Ага шарт да, мүмкүнчүлүк да бар. Эгер Илимдер академиясын жоюп салсак, кийин калыбына келтирүү кыйын болуп, майдаланып кетебиз. Андыктан, революциялык чечимдин кереги жок. Президент А.Атамбаев “кыргыз илимпоздору Кыргызстан үчүн иштеш керек” деп абдан туура айтты. Билим берүү жана илим министрлигинин алдында илимди башкаруу департаменти бюджеттен алган акчаны конкурстук негизде университеттерге бөлүп, 2-3 жылдан кийин өзүнүн илимин алып чыга турган жакшы тажрыйба даярдашты. Ушуну өркүндөтүү же 2-вариантындагы Кыргызстанга жакынкы келечекте эмне керек, Бажы союзуна жана Евразиялык экономикалык союзга киргенде кайсы багытта өнүгөбүз, койдун башын көбөйтөбүзбү же башка булакты алып чыгабызбы деп, мамлекеттик заказ кылып, Илимдер академиясынын институттарына тапшырмаларды берүү керек.
– Тапшырма берүүдөн мурда каржылык абалын оңдоо керектир?
– Окумуштуулардын жигерин ойготуу үчүн айлык акыларын 5 эсе көтөрүү керек. Азыр илимдин доктор, профессорлору, илимий кызматкерлер 5 миң сом айлык менен отурушат. Алар ар кайсы университеттерде лекция окуп, семинарларда сүйлөп, бирөөгө корутунду жазып, эптеп акча табышууда. Аларды тентиген заманга алып келдик. Америкалык окумуштуулар “Эмне үчүн Советтер Союзунан космоско биринчи учуу болду?” деп абдан таң калышкан. Көрсө, дүйнө жүзү боюнча Советтер Союзу гана илимге эң көп акча бөлчү экен. Ошондон кийин Америка жаманбы, жакшыбы жыйынтык чыгаруу үчүн илимий-изилдөөлөргө акчаларын фонд аркылуу берүүнү көбөйткөн. Алар азыр токойлордун арасына да илимий-изилдөө институттарын түзүп коюшту. Союз кезинде өлкө башчысынын, мисалы Т.Усубалиевдин айлыгы 900 рубль болсо, Илимдер академиясынын президентинин айлыгы 1200 рубль болчу. Райондун 1-катчысынын айлыгынан илимий кызматкердин айлыгы көп болчу. Советтер Союзу эки: илимге жана чалгын иштерине айлыкты жогору төлөчү. Ошондуктан жаштар илимге тартылып, жаңы бирдеме ойлоп табууга кызыгышкан. Алар чарба иштерине, үй-бүлө багууга баштарын оорутушкан эмес. Илимдер академиясын реформалоого аралашып жаткан адамдардан, анын ичинде Өкмөт башчысынан суранат элем, Евразиялык интеграцияга киргенге чейин бир жылдай кое туруп, анан бир акылдуу чечим кабыл алыш керек.
– Сиз демек, Илимдер академиясынын жоюлушуна каршысыз?..
– Каршымын. Казакстан Илимдер академиясын жоюп салып, эми түзө албай жатышат. Илимдер академиясы Кыргызстандын жүзү, символу. Маданиятта опера жана балет театры сыяктуу. Аны жоюп салыш оңой эле, кайра калыбына келтирүү кыйын болот. Чыңгыз Айтматов да Илимдер академиясынын жоюлушуна каршы болгон.
– Казакстан Илимдер академиясын эмнеге жоюп салган?
– Эгемендик алгандан кийин эле 1993-жылы булар Европанын ыкмасына, PhD деген доктордук даражага өтүшкөн. Ал бакалавр, магистратурадан кийинки баскыч. Мисалы, философия доктору дегенге экономика, физика, математика кирип, булар да өзүнчө бөлүнүшөт. Европа мамлекеттеринде бири-бирин ошо боюнча таанышат, конкурстарга катышат. Биздеги илим коргоо кыйноодой сезилип, булар дароо ошого чыгабыз дешти. Бирок анда англис тилин жакшы билиш керек. Жаман жери, алар Россияда жумушка орношо алышпайт. Ал эми Россияда илимий кадрлар жетишпейт. Бизде илимий даражага жеткендер Россияга барып көчө шыпырбай, жакшы кызматтарына кирип иштесе болот. Кыргызстан тоолуу, таза абалуу өлкө болгондуктан, адамдардын ой-жүгүртүүсү да абдан мыкты. Индия жери да өзгөчө болгондуктан, элинин эпикалык ой-чабыты күч. Ошондуктан, Индияда жаңы ойлоп табуулар көп болот. Казактар Илимдер академиясын кайра түзөлү десе “университеттерде иштеп көнүп калдык” деп окумуштуулары чогулбай коюшту. Россия болсо, окумуштуулардын башы чарба иштери менен алек болбосун деп мамлекеттик колдоого алып, акчаларын көбөйтүп жатышат.
– Кыргызстанда жаңы кадрларды даярдоо кандай жолго коюлган? Бараткан багытыбыз туурабы?
– Таптакыр туура эмес. Мектепти бүткөн окуучуларга жалпы республикалык тест (ЖРТ) дегенди киргизишти. Андан шаардык балдар жогорку балл менен ЖОЖдордун бюджетине өтүп, айылдан бүтүп келген балдар каалаган окуусуна өтө албай кыйналып жатышат. Мисалы, эч качан малдын арасында чоңойбогон шаардык бала Агрардык академияда окуйбу? Окуса да, жер кыртышын, малдын сырын билбейт. Ошого окуйм деген айылдык балдардын баллы аз болуп, өтө албай калышууда. Жыйынтыгы, айылда ветврачтар жетишпейт. Канча ылаңдаган малды айыктыраар киши жок. Өзүбүздү өзүбүз байлап, туура эмес жолго түштүк.
– Кыргызстандын негизги байлыктары болгон таза суу, алтын, күмүш, жез, таш көмүр сыяктуу жер алдында жана үстүндө жаткан байлыктарыбыздын запастары изилденгенби?
– Изилденген. Мөңгү канча, жердин үстүндөгү жана астындагы суулар канча, тактоолор болгон. Бирок, бул изилдөөлөрдүн көбүн таппай калдык. Мамлекет көңүл бурбагандан кийин Илимдер академиясы изилдеп, тактап, сактап жаткан материалдарын шылуун адамдар акырындык менен уурдап, четинен долларларга сатып жиберишти. Ошондуктан, Кумтөрдө канча алтын жатканын Хаменюктар башында эле билишкен.
– Кумтөрдөгү алтын, мөңгү, тоо, суу, аба изилдөөгө алынганбы?
– Жалпы “Кумтөрдүн” экологиясын изилдетпей жатышат. Советтер Союзу кезинде изилденген бир сырды силерге айтайын. Ошол кездеги илимпоздордун аныктамасы боюнча, палладий металлынын 400 миң тоннадай запасы бар. Анын баасы алтындыкынан кем эмес. Аны алтын менен кошо ташып кетип жатышат окшойт. Бул маалыматтар геология институтунун отчетторунда турат. Инвесторлор менен келишим түзүп жатканда эле техникасы, чыгымынан тышкары таза алтындын өзүн бөлүш керек болчу. Эми деле кеч эмес, антсек келбей коет дегендер бар, келбесе келбей койсун. Алтын турганда ким келбей коймок эле?!
Маектешкен Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу