Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлар 0,4 – 2 сомго арзандады (таблица)
Бишкекте 11-декабрда күйүүчү-майлоочу материалдардын 1 литринин баасы 0,4-2,2 сомго арзандагандыгы байкалууда. Жума ичинде Аи-80 – 0,4 сомго, Аи-92, Аи-98 жана дизелдик май – 1 сомго, Аи-95 — 2,2 сомго арзандады.
Мурдараак Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов, декабрда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы арзандай тургандыгы күтүлүп жаткандыгын айткан. Декабрда нефти иштетүүчү ишкананын оңдолуп-түздөлүп ишке берилишинен жана сунуштардын көбөйгөндүгүнөн улам россиялык базардагы дүңүнөн баалардын төмөндөшү болжолдонгон.
КРнын өкмөтү да жылдын аягына чейин нефтинин жана нефтепродукттардын баасы төмөндөй тургандыгын болжолдогон.
Россиянын президенти Владимир Путин 9-декабрда өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда, нефти арзандап жаткан учурда, май куюучу жайлардагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы нонсенс экендигин белгилеген. Путин көзөмөлдөөчү органдар менен Экономика министрлигине бааларды көзөмөлгө алууну тапшырган.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги күйүүчү-майлоочу майлардын баасы
|
КММ түрү |
1 литрге баа (сом) 3.10.14 |
1 литрге баа (сом) 6.10.14 |
1 литрге баа (сом) 13.10.14 |
1 литрге баа (сом) 6.12.14 |
1 литрге баа (сом) 11.12.14 |
|
Аи-80 |
40,9 |
40,9 |
41,9 |
40,4 |
40 |
|
Аи-92 |
48,8 |
48,8 |
49,9 |
48,9 |
47,9 |
|
Аи-95 |
52,2 |
52,2 |
53,2 |
53,2 |
51 |
|
Аи-98 |
54,4 |
54,4 |
55,4 |
55,4 |
53,4 |
|
Диз.отун |
43,5 |
43,5 |
43,5 |
42,5 |
41,5 |


Комментарий кошуу