текебаев1
Жогорку Кеӊештин «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 9-декабрда Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушту. Депутат Ө.Текебаев 2015-жылы коомчулук Кыргызстандагы парламенттик демократиянын алгылыктуу жана кемчил жактарын белгилей турганын айтты. Ал коомдук пикирди сурамжылоо жыйынтыгында алардын жарымы парламенттик демократияны колдой турганы белгилүү болгонун, мурда алардын саны мындан аз болгонун кошумчалады. «Парламенттик демократия өлкөдөгү бийлик менен саясий маданиятты өзгөртүп, коомчулуктун үмүтүн актады. Азыр бийликтин монополиясы жоюулуп, ал коомдук пикир менен эсептеше баштады», – дейт ал.
«Ата Мекен» фракциясынын башчысы саясий уюмдарды бекемдөө жана парламенттик фракциялардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн шайлоо тутумун өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи. «Мындай чаралар келечегинде кыйла туруктуу парламенттик көпчүлүк коалициясынын түзүлүшүнө жана Өкмөттүн ырааттуу иш алпаруусуна түрткү берет. Мындай механизмди азыртан киргизүү зарыл», – деп кошумчалады ал.
Элчи Жудит Маргарет Фарнворт Англиянын кыргыз парламенти менен иштешүүгө кызыкдар экенин, ал жерде да 2015-жылы парламенттик шайлоо өткөрүлө турганын айтты. «Биз Кыргызстанга парламенттик демократияны калыптандыруу жана аны андан ары өнүктүрүү жагынан жардам берүүгө даярбыз», – деди Жудит Маргарет Фарнворт.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА