каныбек1

Бүгүн, 9-декабрда  Бишкек шаарынын 3000 ден ашуун түтүнү бар “Калыс-Ордо” жаңы конушунда 1500 орунга ылайыкталган мектептин пайдубалын түптөө үчүн капсула салуу аземи болду. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова жана 1- Май районунун акими А. Алиев катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарада комитет төрагасы К. Осмоналиев мектептин курулушу 2009-жылы башталып, 2010-жылы кайра токтоп, бул мектептин курулушунун айланасында көп талаш-тартыш болгондугуна токтолду. “Жогорку Кеңеш бул маселеге эки жолу кайрылып, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети тиешелүү чечим чыгарып берди. КР Өкмөтү элдин кызыкчылыгы үчүн маселени оң жагына чечкенине ыраазычылык билдирип кетемин”- деген К.Осмоналиев жергиликтүү тургундарды куттуктады.

“Калыс-Ордо” конушунун жашоочусу Абдымамбет Сариев 2011-жылдын аягында мектеп үчүн бөлүнгөн жер  айрым  бир атка минерлердин кесепетинен  сатылып кете жаздаганын, өлкө бийлигине жана тиешелүү мекемелерге кайрылуу жазып, мектепке бөлүнгөн  7 млн сом акча каражаты кайда  кеткендигине  иликтөө баштап, демилгелүү топ түзгөндүгүнөн маалымдады. “Акырында Жогорку Кеңештин Билим  берүү илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде кайрылып, маселебиз оң жагына чечилип отурат. Биз, жергиликтүү тургундар депутат К.Осмоналиевге чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,- дейт А.Сариев.

Маалымат иретинде, мектептин имаратын курулушун  Кытайдын “Tebian Elecfrc Apparatus Stoc Co” компаниясынын  каржылайт. Курулушка  жалпы суммасы   120 млн сом сарпталат.