кара-Кулжа4

кара-Кулжа2-2

кара-Кулжа1-1

2014-жылдын 2-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы түзүлгөн кырдаал боюнча атайын жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында КРнын ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Дайырбек Каримов 2014-жылдын 25-ноябрынан 28-ноябрына чейин катуу жааган кардын кесепетинен кээ бир айылдарда 1 метрге чейин кар кар түшүп, айылдарга баруучу ички чарбалык  жол каттамдары жабылгандыгын жана электр энергиясыз калган айылдар да болгондугун билдирди. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Министр Кубатбек Боронов быйылкы жылы кардын түшүүсү айрым региондордо өткөн жылга салыштырмалуу 200%га чейин жеткендигин айтып, азык-түлүк кооптуулугунун алдын алуу зарыл экендигине токтолду. “Учурда КРнын Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Кара-Кулжа районунун Алайкуу зонасына 150 тонна ун бөлүнгөн. Ошол унду министрликтин техникалары менен тез арада жеткирип берүү зарыл. 3-декабрдан баштап кайрадан аба ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш эскертүүлөр таркатылып жатат. Эгерде унаа жолу узак убакытка чейин жабылып кала турган болсо, 2010-жылдагыдай тик учак менен азык-түлүк жеткирип жүрбөшүбүз керек” –деди Кубатбек Боронов. Эскерте кетсек, 2010-жылы кардын көп жаагандыгынын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир айдан ашык мезгилге жабылып, электр энергиясын берүү да үзгүлтүккө учурап, калкка ун жана башка азык-түлүктөр, дары-дармектер тик учак менен жеткирилип калган. Бул өтө чоң каражатты талап кылган.

Жогорудагыдай абал кайталанбаш үчүн кырдаалды жеринен көзөмөлгө алып, маселени чечүү үчүн министрдин орун басары Равшан Рысбаевди тез арада аталган районго барып, абалды жөнгө салуу боюнча тапшырмаларды берген.

Министрдин орун басары Равшан Рысбаев 2014-жылдын 2-декабры күнү Кара-Кулжа районуна барып, жеринен министрге төмөндөгү маалыматтарды билдирди. “Ылай-Талаа айыл аймагындагы 96 кожолук же 457 адам жашаган Шаркыратма айылына баруучу жабылып калган 14 чакырым ички чарбалык унаа жолу 2014-жылдын 30-ноябры күнү ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 даана бульдозер иштеп, жолду ачкан. 2014-жылдын 1-декабры күнү саат 13:30да электр энергиясы өчкөн, трансформатору бузук болгондугуна байланыштуу Шаркыратма айылындагы “Ж. Айтбаев” атындагы орто мектебинде (мектеп электр энергиясы менен жылытылат) жана 20 түтүндө бүгүнкү күнгө чейин свет жок.

Ошондой эле Чалма айыл аймагына караштуу 268 кожолук же болбосо 1593 адам жашаган Буйга айылына баруучу 20 чакырым унаа жолу жабылып калган, анын 10 чакырымы КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №26 жол тейлөө ишканасынын карамагында турат. 2014-жылдын 2-декабры күнү ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 даана бульдозер иштеп, жолду ачкан. Ал эми Буйга айылында 2014-жылдын 25-ноябрында эртең мененки саат 05:30да электр энергиясы өчүп, ал 26-ноябрь күнү саат 19:45те кайра берилген.

Андан сырткары, Ой-Тал айыл аймагына караштуу 222 кожолук же болбосо 1158 адам жашаган Көңдүк айылына баруучу 12 чакырым жыбылып калган унаа жолун 26-жол тейлөө мекемеси 28-ноябрь күнү ачкан. Ал эми бул айылда  26-ноябрь күнү саат 10:30да электр энергиясы өчүп, 1-декабрь күнү саат 15:30да кайра берилген.

Сары-Булак айыл аймагына караштуу 75 кожолук же болбосо 377 адам жашаган Кызыл-Булак айылына баруучу 3 чакырым, 176 кожолук же болбосо 821 адам жашаган Тегерек-Саз айылына баруучу 5 чакырым, 150 кожолук же болбосо 698 адам жашаган Конокбай-Талаа айылына баруучу 12 чакырым аралыктарында  унаа жолдору жабылган, азыркы учурда тазалоо иштери жүрүүдө. 25.11.2014-жылдын 25-ноябры күнү саат 04:30да электр энергиясы өчүп, 27-ноябры күнү 17:05 калыбына келтирилди.

КРнын Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Кара-Кулжа районунун Алайкуу зонасына бөлүнгөн 150 тонна унду жеткирүү иштери жүрүүдө, бүгүнкү күндө 100 тоннага жакыны жеткирилип бүттү. Аны ӨКМнин техникалары менен жергиликтүү бийлик жетирип жатат”-деди министрдин орун басары Равшан Рысбаев.

Министр жогорудагы аткарылып жаткан жумуштарды акырына чейин көзөмөлгө алууна министрдин орун басарына милдеттендирди.