көз доктур

Кырсыкты алдын ала айтуу же сезүү мүмкүн эмес. Ал каш- кабактын ортосунда деп айтылгандын чындыгы бар. Дамира айым күнүмдүк үй-тиричилиги менен алектенип, очокко от тамызып, казанга суу ысытмак болгон. Бирок, очоктон бир канча алыстыкта отурганын айтып көзүнө жаш алды.

Күйүп жаткан очоктон чыпалактын тырмагынын теңиндей болгон айнектин салкындысы көзүнө кирип кеткен. Күйүп турган оттогу ысык айнекче көзгө киргенде, көздүн ичин кескилеп, күйгүзүп жиберген. Ошол замат Кара-Балта шаардык поликлиникага жөнөгөн. Ал жерден жарытылуу жардам болбогондуктан, аталган шаардык бейтапканага барышат, ал учурда саат 16.00 чамасы болгон экен. Аны медайым кабыл алат, анткени, дарыгер иш убактысы аяктай электе кетип калган экен. Ага Бишкекке барууну сунуш кылышкан. Жолдомо берүүнү суранышканда, дарыгер медайымга телефон аркылуу айтып берип турган. Жаны кыйналып турган Дамира айым дарыгерлердин мындай жоопкерчиликсиз мамилесине нааразы экендигин жашырган жок.

Убакытты создуктурбай Бишкекке сапар алышып, Улуттук госпиталдын №2 көз хирургия бөлүмүнө келип түшөт. Врач Гүлзат Оморова кабыл алып, тезинен операция жасоо керектигин жана дагы экинчи жолку операция зарылдыгын айтат. Ошол замат Гүлнара Сулайманованы чакырып, биргеликте операция жасашып, 2 саатка созулган операция ийгиликтүү аяктаган. Мындай кесипкөй Гүлнара Мукановна бул бөлүмдө 20 жылдан бери эмгектенет. Ал эми Гүлзат Күлчороевна ушул эле бөлүмдө 12 жылдан бери кызмат өтөп келүүдө. Бул айымдар үйдө мээримдүү энелер, жумушта мээрбан дарыгерлер. Өз кесибин сүйгөн айымдардын катарын Курманбек Жээмбаев аттуу мырза толуктап турат. Ал жаштыгына карабай, өз ишин мыкты билет.

Дагы эле үй-тиричилиги менен алектенип жатып, отун жара коем деп, жыгачтын ортосундагы мык көзүнө кирип, жарат алган Кара-Жыгач жаңы конушунун жашоочусу Гүлкайыр айым ушул бөлүмгө келип, өз убагында Курманбек Кубатович кабыл алып, биринчи жардамды көрсөтүп, андан соң операция жолу менен көздүн ичиндеги мыкты алып чыккан. “Көзүмдүн көрүүсү калыбына келет деген үмүтүм бар” – дейт Гүлкайыр айым. Адамдын чырагы болгон көзгө операция жасоо абдан кылдаттыкты, тактыкты, жоопкерчиликти талап кылат эмеспи. Аталган жоопкерчиликти дарыгерлер өз жондору менен сезишип, ар бир адамдын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусун тилек кылышат. Жашоодо актын карасы, жамандын жакшысы болот дегендей, айрым учурда жаракат алган көзгө көрсөтүлгөн жардам кейиштүү болуп калышы мүмкүн экендигин да жашырышпайт. Анын негизги себептери – бейтаптын убагында кайрылбай, убакытты создуктуруп, айрым учурларда жаракат алган көз ириңдеп кеткен учурлар кездешет. Ал учурда көздү толугу менен алып салуу зарылдыгы тууларын, антпесе, ал мээге коркунуч жаратарын айтышты.

Негизинен Улуттук госпиталдын №1 жана №2 көз хирургия бөлүмдөрү бар. Аталган эки бөлүмдө тең операциялар жүргүзүлөт. Айырмачылыгы №2 бөлүмдө көзгө жаракат алганда, чукул жардамга муктаж болгондо бир гана ушул бөлүмгө кайрылышат. Аталган бөлүм 1988-жылы ачылган. Бөлүмдө көздөн жаракат алгандарды кабылдашат. Бул бөлүм 40 орундуу болгону менен айрым учурларда андан да ашып кеткен учурлар кездешерин Гүлнара Мукановна айтып өттү. Ошол эле учурда, бейтаптарга алдын ала кеңеш берилип, пландык операциялар да көп жасалат. Мисалы, биз барган күнкү планында эле 20 операция жасала тургандыгын Гүлнара Мукановна айтып берди.

“Көздүн жаракатына байланыштуу айта турган болсок, техникалык коопсуздук деген сөзсүз болуш керек. Завод, фабрика, айыл-чарба өндүрүштүк жаракат алгандар кездешет. Айрыкча акыркы жылдары курулуш иштеринин көбөйгөндүгүнө байланыштуу көзгө дагы зыяны тийүүчү шаймандардан зыян тартышат. Ошондой эле акыркы учурларда жаш кыздардын кирпиктерди клейдин жардамы менен колдонууда көз аллергиясына учурап, кайрылгандар да аз эмес”, – дейт Гүлзат Оморова.

Ал гана эмес, глаукома деген көздүн оорусу дүйнөлүк деңгээлде маселени жаратып келүүдө. Мында көздүн ички кан басымы көтөрүлүп кетет. Анын ачык жана жабык бурчтуу формасы болот. Ачык глаукомада эч кандай ооруксунбай, билинбей жүрө беришет. Ал акырындык менен көздүн көрүүчү нервдеринин соолуп калышына алып келет. Бул дартты алдын ала аныктап, дарыланууга болот. Бирок ага маани бербей жүрө беребиз дагы, акыркы стадиясына жеткенде гана барып, өзүбүздүн ден соолукка оорчулук келтирүү менен дарыгерлерди да кыйнайбыз. 40 жаштан баштап көздүн кан басымын жылына 2 жолу текшертип туруу зарыл экендигин Гүлзат Күлчороевна белгилеп өттү. Учурда медициналык заманбап үлгүдөгү жабдуулар бар. Ал аркылуу ыкчам аныктап алууга болот.

Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, республика боюнча чукул арада көз жаракатына жардам көрсөтүүчү бөлүм бирөө гана, ал №2 көз хирургиясы. Мындай бөлүмдүн региондордо да ачылышы тууралуу андагы дарыланып жаткан бейтаптар белгилеп өтүштү. Чындыгында эле ар кандай кырсыктардын кесепетинен көз жаракатына кабылгандар борборго өз маалында жетүү мүмкүн эмес.Бул бөлүмдүн травматологиялык пункту ишти дем алыш күндөрү да үзгүлтүккө учуратпайт. №2 көз хирургиясы бөлүмүнүн хирург врачтарынын өз кесибин сүйүп, жан дили менен берилип иштешерин операцияга керектүү инструменттерди өздөрү сатып алып колдонушаарынан да байкасак болот. Мындай кесипкөй дарыгерлерибизди көрүп, ичибиз жылып кайттык.

Айзада ДҮЙШӨНБАЕВА