Каржы министрлиги сөгүш жарыялады
Каржы министрлигинин коллегиясы 17-октябрдагы отурумунун жыйынтыгы менен министрликтин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн бир катар жетекчилерине катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди, деп маалымдайт Tazabek.
Мындай чечимдин кабыл алынышы Өкмөттүн ушул жылдын 8-майында чыккан «КР калкын жана экономика тармагын 2014-2015-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» токтомунун аткарылышына көзөмөлдүн жоктугу жана Өкмөттүн тапшырмаларынын өз убагында аткарылбагандыгы менен байланыштуу.
Сөгүш жарыяланат:
– Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана мониторинг башкармалыгынын башчысы З.Т.Кыдыралиевге;
– Бюджеттер аралык мамилелерди пландоо бөлүмүнүн башчысы С.Нурунбетовго;
– Бюджеттер аралык мамилелерди пландоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Д.Искендеровго.

Комментарий кошуу