Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу боюнча сегиз мыйзам долбоорун жактырды

Мындай чечимди өкмөт мүчөлөрү бүгүнкү жыйында кабыл алышты. Анын жүрүшүндө экономика министринин орун басары Данил Ибраев өкмөттүн Бажы биримдигине кошулушу боюнча даярдыгы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, мыйзамдарды биримдиктин шарттарына ылайыкташтыруу боюнча иш эки этап менен ишке ашырылууда. Биринчиэтапта 16 мыйзам долбоор иштелип чыгып, аны Жогорку Кеңеш кабыл алды. Экинчи этапта өкмөт 12 мыйзам долбоорду иштеп чыккан. Анын сегизин бүгүнкү өкмөт отурумунда жактырды. Эми аталган мыйзам долбоорлор Жогорку Кеңешке сунушталмакчы.
29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошуу ниетин билдирген.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Комментарий кошуу