МИСС Ушул жылдын 30-ноябрында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда «Мисс Бишкек 2014» наамынын ээси аныкталат. Белгилүү болгондой, буга чейин кастинг өткөрүлүп, анын жыйынтыгы менен финалга чыгуу укугуна 16 жаштан 25 жашка чейинки 30 талапкер ээ болгон.

Сынак 4 этап менен өткөрүлөт. Тактап айтканда, катышуучулар саламдашуу, талантын көрсөтүү, улуттук кийим жана кечки көйнөк менен чыгуу боюнча берилген тапшырмаларды аткарышат.

Сынактын жыйынтыгы менен таажынын ээси жана чет мамлекеттердеги ар кандай сынактарга катышуу укугуна ээ болгон сулуулар аныкталат.

Булак: Баракелде