Алдын ала маалыматтар боюнча кримтөбөл Камчы Көлбаев үй-бүлөсү менен Дубайга (БАЭ) учуп кеткен, деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Ички иштер министри Мелис Турганбаев «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда.

Отурумда фракция лидери Өмүрбек Текебаев министрден, Көлбаев менен Бокушев азыркы учурда кайда экендигин сурады.

«Камчы Көлбаев үй-бүлөөсү менен Дубайга учуп кетсе керек. Сиздер тапшырма бергенден кийин биз ал боюнча чоң иштерди аткардык. Биз чараларды көрө баштаганда ал өлкөдөн учуп кетти. Биз азырынча Дубай менен байланыша элекпиз»,- деди ал.