Кыргызстандын жайыттарынын аянты 9 млн 147 миң гектарды түзөт
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жайыттарынын аянты 9 млн 147 миң гектарды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги маалымат жыйында КРнын айыл чарба министрлигинин Жайыттар департаментинин жетекчиси Абдымалик Эгембердиев маалымдады.
Анын айтымында, бул аянттын көлөмү 5-6 жыл мурда бир аз чоң болчу.
«Бирок бул, өкмөтүн чечими менен айрым жайыттардын кен иштетүүгө берилгендигине байланыштуу. Алар өндүрүш жери болуп эсептелет жана тизмеден чыгарылат»,- деди ал.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу