Жогорку Кеӊештин делегациясы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин башкы кеӊсесинде болду (фото)
Жогорку Кеӊештин төрагасы А.Жээнбеков баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Жапониядагы иш сапарынын алкагында Жапон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) башкы кеңсесинде болду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Делегацияны жылуу кабыл алган JICAнын президенти Акихико Танака Кыргызстан парламенттик демократияны ийгиликтүү өнүктүрүп жатканын, Жапония менен баалуулуктары жана саясий системасы окшош экенин баса белгиледи. Ал бул иш сапардын натыйжасында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык, анын ичинде Кыргызстан менен JICAнын өнөктөштүк мамилелери андан ары тереӊдей турганына ишеним артарын билдирди.
А.Танака калктын жакырчылыгын азайтууга, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн арттырууга, айыл чарбасы менен бизнес чөйрөсүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган Агенттиктин Кыргызстандагы ишинин артыкчылыктуу жактары тууралуу айтып берди. Ал өнөктүштүктүн ийгиликтүү мисалы катары JICAнын Кыргызстандагы кийизден буюмдарды жасоо боюнча «Бир айыл – бир өнүм» долбоорун атады. Жасалган буюмдар «Muji» жапондук ири бренд дүкөнүндө сатыкка коюлган. Белгилей кетчү нерсе, иш сапар жүрүшүндө парламентчилер сатылып жаткан кийиз буюмдардын түрлөрү менен таанышып, жапон ишкерлери менен кызматташтыкты андан ары улантуу пландары тууралуу пикир алышты.
Жогорку Кеӊештин nөрагасы А.Жээнбеков JICAнын жүргүзүп жаткан иштери, ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн ыраазычылыгын айтып, ири жана алгылыктуу жардамдарынын аркасында Агенттиктин аты Кыргызстанда кыйла белгилүү болуп калганын белгиледи. Ал Кыргызстандын Жапония менен экономикалык байланыштарды бекемдөөгө жана ири инвестицияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.
А.Жээнбеков Кыргызстандын парламенттик демократияны калыптандыруу жаатындагы жетишкендиктери, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо жүрүшү тууралуу учкай маалымат берүү менен, шайлоо тутумун өркүндөтүү маселесине өзүнчө токтолду. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоолорду эл күткөндөй ачык-айкын, таза жана атаандаштык мүнөздө өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар жагындагы Кыргызстан бийлигинин аркетине эл аралык деӊгээлде колдоо көрсөтүү түйүндүү мааниге ээ экенин белгиледи.
Төрага ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин Жапония ЖОЖдорунда окутуу алкагындагы “Кадрларды кайра даярдоо жана окутуу” программасын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна көңүл бурду.
Кыргызстан окутуу программалары аркылуу адам мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга муктаж. Бизде Жапония тажрыйбасын үйрөнүүнү, сиздердин өлкөдө окууну каалагандар арбын,- деп кошумчалады А.Жээнбеков.
Жакырчылыкты төмөндөтүүгө жана экспортту колдоого багытталган “Бир айыл – бир өнүм” долбооруна токтолгон төрага алгачкы жыйынтыктары дурус экенин канагаттануу менен белгилеп, бул багыттагы ишти улантууга чакырды.
Сөзүнүн жыйынтыгында А.Жээнбеков маектешин өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде Кыргызстанга иш сапар менен келүүгө чакырды.
JICA президенти А.Танака чакыруу үчүн ыраазычылыгын билдирип, Төраганы Агенттиктин өнөктөштүктүн баардык чөйрөсүндө жетишилген келишимдерди ишке ашырууга катыша тургандыгына ишендирип өттү. Ал Токиодо “Кадрларды кайра даярдоо жана окутуу” программасы, ошондой эле Бишкектеги Адамды өнүктүрүү борбору улантылаарын белгиледи.
Иш сапардын алкагында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Одайба жасалма аралындагы «Panasonic» компаниясынын борборуна, Технологиялык өркүндөтүүнү алга жылдыруу жана инновациялык жетишкендиктерге көмөктөшүү боюнча ассоциациясынын (TEPIA) көргөзмөсүнө, “Токионун кичи жана чакан бизнесинин өнөр-жай көргөзмөсү – 2014” айыл чарба өнөр-жайынын көргөзмөсүнө барып, Жапониянын алдыңкы жаӊычыл технологиялары жана ойлоп табуулары менен таанышты.
Төрага А.Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында Төраганын орун басары Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов, Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин мүчөсү Турсунтай Салимов жана Социалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү Алтынбек Сулайманов бар.

Комментарий кошуу