50 млн. сом тоо-транспорттук техника алууга бөлүндү
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругуна ылайык “Кыргызкөмүр» мамишканасына көмүр өндүрүү жана ташуу үчүн тоо транспорттук техникасын алууга 50 млн. сом бөлүндү.
Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан көмүр өндүрүүнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.
Элүү млн. сом суммасындагы үстөксүз бюджеттик ссуда тоо транспорттук техниканы сатып алууга жумшалат. Бул «Кара-Кече» Борбордук кен өндүрүү тилкесинде көмүр өндүрүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Комментарий кошуу