вагон
Кыргыз-казак чек арасында кармалып турган 500 гө жакын күйүүчү жана майлоочу май куюлган вагондор четинен Кыргызстанга киргизиле баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, алардын алгачкы партиясы, тактап айтканда 41 вагон кечээ өлкөгө киргизилди. Калгандарынын документ иштери такталууда, жакын арада толук чечилет дейт ассоциациядан.
Белгилей кетсек, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда Казакстанга болгон иш сапарында чек арада кармалып жаткан вагондорду коё берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ал боюнча Казак Президенти Нурсултан Назарбаев убада берген.
Динар Турдугулова