Экс-мэр Н.Түлеевдин иши: Сотто тараптардын жарыш сөзүндө жактоочулар сүйлөштү
12-ноябрда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин иши боюнча сот процессиндеги тараптардын жарыш сөзүндө соттолуучулардын жактоочулары сөз сүйлөштү.
Анда муниципалдык менчик кызматы башкармалыгынын мурдагы жетекичси Руслан Бейшебаевдин, мурдагы вице-мэр Валерий Корниенконун, шаар мэриясына караштуу Бишкек шаардык автотранспорттук ишканасынын мурдагы жетекчиси Медет Кожобергеновдун, «Тазалык» МИ мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковдун жана таштанды ташыгычтарды сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү Билимбек Токтобековдун жактоочулары сүйлөштү.
Баардык жактоочулар 2013-жылдын 29-майындагы биринчи истанциядагы соттун чыгарган чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп аташты. Мындан тышкары соттук коллегадан алардын жакталуучуларына карата актаган чечим чыгарууларын суранышты.
Р.Бейшенбаевдин жактоочусу Нина Зотова өзүнүн сөзүндө эгер «соттор айрым учурларга анын жакталуучусун толугу менен актай албаса», анда ал жаза колдонуунун чараларынын төмөндөтүшүн суранды.
Калган жактоочулар менен мамлекеттик айыптоочулар соттун кийинки отурмунда сүйлөшөт.


Leave a Reply