Милиция мурда соттолгон, УКТ мүчөсү А.Рысалиевди издөөгө көмөктөшүүгө жардам сурайт
Бишкек шаардык Свердлов РИИБи КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренсинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда каралган кылмыш жасаган 32 жаштагы Рысалиев Азамат Төрөбековичке издөө салат.
1982-жылдын 1-июнунда туулган А.Рысалиев Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, мурда соттолгон. К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп эсептелет.
Рысалиев кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөтүп качып кеткен.
Милиция изделген кылмышкер тууралуу маалыматтар болсо Бишкек ШИИББдин күзөт бөлүмүнө (+996312) 48-71-68 же 102 номуруна, же болбосо Бишкек ШИИББ кылмыш иликтөө башкармалыгына (+996312) 48-63-72, 48-63-06, 48-64-23, 48-64-47, (0-771) 48-62-62, (0-551) 48-62-62, (0-705) 77-43-77 телефон номурлары аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.
Булак : Баракелде

Комментарий кошуу