Вице-премьер Э.Сариева: «Кыргыз тили» окуу китеби мектептик электрондук окуу китептер базасын түзүүгө өбөлгө болот
КРда электрондук окуу китептер базасын түзүү үчүн редактордун бетачары болду.
Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Элвира Сариева белгилегендей, Билим берүү жана илим министрлиги басма түрүндөгү окуу китептерди чыгаруу менен катар жана бюджеттик каражаттын тартыштыгына байланыштуу ачык түрдөгү электрондук окуу китептердин версиясын ишке киргизүүнү аткарууда.
«Алгачкы электрондук китеп 7-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби аталып, ал электрондук окуу китептерин түзүүгө карата чоң кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндө биз мектептерге окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүнүн негизин түзүүбүз керек, ал эми электрондук китептерди түзүү үчүн редактор ачык электрондук окуу китептер базасын түзүүгө өбөлгө түзөт», – деди ал.
Үстүбүздөгү жылдан тарта бардык жаңы мектептик окуу китептерине карата автордук укук мамлекетке тийиштүү эсептелип, окуучулар китептерди ачык түрдө пайдалана алышат. Ал эми кийинки окуу жылынан тарта башталгыч класстар үчүн айрым китептер электрондук түрдө пайдаланууга жеткиликтүү болуп чыгат.
Белгилей кетсек, 7-класстар үчүн «Кыргыз тили» электрондук окуу китебин иштеп чыгууга окуу китептин авторлору, мектеп мугалимдери жана программаны иштеп чыгуучулар катышкан.
Бетачардын жүрүшүндө электрондук китептерди акысыз пайдалануунун технологиясы көрсөтүлүп, ал кыска мөөнөт ичинде окуу китептин авторлоруна программисттердин катышуусуз электрондук китептерди өз алдынча түзүүгө мүмкүндүк берет.

Leave a Reply