Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Айше Джихан Султаноглуну кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Айше Джихан Султаноглуну кабыл алды деп билдирет Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү
2014- жылдын 5-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору, Европа өлкөлөрү жана КМШ боюнча регионалдык бюронун директору Айше Джихан Султаноглуну кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен БУУӨП ортосундагы кызматташтык маселелери, анын ичинде Өлкөлүк программалык документтин алкагында мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча пландар талкууланып, БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Кыргызстан 2015-жылдан кийинки мезгилде глобалдуу өнүктүрүү тармагындагы күн тартибин тактоого чоң салым кошконун белгиледи.
Алмазбек Атамбаев жана Айше Джихан Султаноглу ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын шайлоо процессин өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттерин колдоо маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы мындан аркы кызматташтыгы өлкөнү жана регионду өнүктүрүү кызыкчылыктарына жооп берээрине ишенимин билдирди.
Бул жолугушууда БУУнун системасынын Туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александр Аванесов жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Прадип Шарма дагы катышышты.


Комментарий кошуу