8

Айтылуу Алайдын Будалык айыл аймагындагы Алтын-Күрөк коктусундагы кыштоосунда жашаган 81 жаштагы эмгек ардагери, Эмгек Кызыл-Туу, Октябрь Революциясы жана Ленин ордендеринин ээси, мамлекеттик Лениндик сыйлыктын лауреаты, Социалисттик Эмгектин Баатыры, атактуу чабан Ырыспай карыя “карыдым-арыдым” деп жатып албастан, бала-чакасына жардамдашып, бир маал атын минип алып, койлоруна көз салганды адат кылып алган. 1993-жылы колхоздун коюн өткөрүп берип, бир туугандары менен биргеликте дыйкан чарба түзүшкөн. Ар биринде башталышында 200-250 баш кой болсо, бүгүнкү күндө 700-800 баш тубар кой, 40-50 баш жылкысы, 40-50дөн ашуун бодо малдары бар. 4 уул ,2 кызы эрезеге жетип, өз алдынча үй-жай күтүп, очор-бачарлуу болушкан. Союзга аты чыккан Баатырдын кой багып өстүрүүдөгү бай тажрыйбасын, усулун, адат-мүнөзүн уулу Кошой жакшы өздөштүргөн. Ал азыркы күндө атасынын жолун жолдоп, жайкысын Таш-Булак жайлоосуна чыкса, кышкысын Алтын-Күрөктө кыштап, малын семиз багып, ар кандай маселеде атасынан кеңеш алып турат. Ырысбай карыя жашына карабай ,баскан-турганы чыйрак, кыймыл-аракети тың. Эзели күндүзү жамбаштап жатканды жактырбаган мүнөзү бар. Чабдар атын минип алып, эч кимдин коштоосусуз эле койлор оттоп жүргөн ой-кырларга, тоо башындагы жалгыз аяк жолдордо эркин жүрүп, бир маал барып, өз көзү менен көрүп келбесе, жаны жай албайт. ”Бала кезимен бери тоодо өсүп-чоңойдум. Өмүрүмдүн көпчүлүк бөлүгүн колхоздун коюн кайтарып өткөрдүм. Эмгегимди эл-журт, ошол кездеги Компартия, бийликтегилер жакшы баалашты. Мен тагдырыма ыраазымын. Адамды эмгек гана бактылуу кылат. Кыймыл болсо адамды сергек, ыкчам, парасаттуу кылат. Жалкоолукту жактырбайм. Биздин Алайдын кооз жайлоолорунда жүрүп, мөлтүрөгөн кашка суудай таза булактарын ичкен адам да карыйбы дейм… Адамды бекерчилик, жолбун ой-санаа гана карытат балдарым. Ошондуктан ар дайым аракетчил, тырышчаак жана бир нерсенин артынан түшүп, аягына чыккан эмгекчил болгула. Табиятка жакын, боорукер, мээримдүү болсоңор, жаратылыш дагы берешендигин, марттыгын аябайт”, – деди Ырысбай карыя.

 Ризван Исмаилова