Борбор калаада Кыргызстанда жасалган органикалык жана табигый продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө
Бишкекте Кыргызстанда жасалган органикалык жана табигый продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Иш-чара 4-ноябрда башталган, 6-ноябрда жыйынтыкталмакчы.
“Бул жылы аталган жарманке Бишкекте үчүнчү ирет уюштурулууда. Ага өлкөбүздүн ар кайсы аймагынан 80ден ашуун айыл чарба фермерлеринин өкүлдөрү катышып жатат”,– дейт жарманкенин уюштуруучусу Майрамбек Боронбаев.
Жарманкеге бал, эт, жумуртка, таттуу азыктар, чайлардын түрү, май, сыр, колбаса, дары чөптөрдүн түрлөрү, кургатылган мөмө-жетиштер жана жер семирткичтер коюлган. Ошондой эле кийим-кечелерди, тумак, жоолук, бут кийим, шырдактарды, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдарды, косметика, бижутерияларды жана күнүмдүк жашоодо керектелүүчү миң түркүн нерселерди табууга болот. Белгилей кетчү нерсе, көргөзмөгө коюлган азык-түлүк жана кийим-кеченин баалары базардыкынан бир аз төмөн. 








Комментарий кошуу