жер титирөө

  Жалал-Абад облусунда бүгүн, 24-февралда саат 08:43төр чамасында эпицентринде күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Ажек айылынан түштүк-чыгышты карай 20 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан түштүк-батышты карай 55 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-батышты карай 70 чакырым тараган.

Кыргызстандын аймагындагы калктуу конуштарда жер силкинүү анча байкалган жок.