Кожогулов1

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Механизациялаштыруу жана энергетикалык камсыз кылуу департаментинин директору Кожогулов Нурланбек, ОАО “Айыл Банк” мамлекеттик коммерциялык банкынын башкаруу төр агасы Асрандиев Эркин иш сапары менен Япония мамлекетине барып келишти. Иш сапардын максаты Япония мамлекетинин Кыргызстандагы эл аралык кызматташтык агентствосу “Jika” жана Япониялык машина куруучу “IHI Star” корпорациясы менен тыгыз байланышта иш алып баруусу. “Jika” жана Япониялык машина куруучу “IHI Star” корпорациясы менен  келишим 2014-жылы түзүлүп, республикага жаңы үлгүдөгү Япон техникалары алынып келинген, алар дыйкандарга көргөзүлүп, семинарларды өткөрүү менен техникаларды Агрардык университетке акысыз өткөрүп берилген. Бүгүнкү күндө студенттер окуу курал катары пайдаланып жана механик кесибиндеги студенттер даярдалып жатат. Кийинки баскыч болуп Япон айыл чарба техникаларын Кыргызстандагы айыл чарба субъектерине тааныштыруу жана жаңы техникаларды көрсөтүү. Жаңы  технологияларды өздөштүрүү менен бирге ошол технологияларды алып келип биздин дыйкандарга берүү үчүн инвестицияларды тартуу маселелери да каралды. Бул маселелерди чечүү боюнча “Jika” агентствосунда, Тышкы иштер министрлигинде, Айыл Чарба министрлигинде жана Япониянын айыл чарбасын каржылоо системасында иштеген “Жетра, Нору Чикин” каржылоо институнда  болуп кайтышкан. Андан тышкары, учурда дыйкандарды колдоо боюнча мамлекеттик иштердин кандай жүрүп жаткандыгы менен таанышып, алардын механизмин окуп үйрөнүү менен бирге айыл чарба субъектилеринин иши менен таанышып, техникаларды чыгарып жаткан заводдордо болуп, жаңы үлгүдөгү техникалар көргөзүлдү. Айыл чарба тармагына жеңилдетилген кредиттерди тарттуу боюнча “Jika”  агентствосунун, Борбордук Азия, Казакстан жана Кавказ мамлекеттерин тейлеген башкармалыгынын адистери менен жолугуп, айыл чарба тармагын каржылоодо кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендиги сүйлөшүлдү. Бүгүнкү күндө “Jika”  агентствосу аркылуу дыйкандар үчүн жеңилдетилген  инвестициялык кредит тартууга мүмкүнчүлүк бар экендиги такталды. Башка долбоорлор боюнча да жеңилдетилген, узак мөөнөткө созулган инвестициялык кредит тартуу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп, Япония мамлекети, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн суроо талаптар болсо экономикалык экспертизадан өткөрүп карап чыгып, жакшы натыйжасын бере турган болсо, жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бар экендигин билдиришти. Бул  суроо боюнча Япониядан апрель, май айларында  “Jika” агенствосунан, Япониялык машине куруучу коорпорациясы менен Айыл чарба министрлигинен жана кызыкдар банк структураларынан делегация келгени турат. Айыл чарба структуралары менен, дыйкандарды каржылоо боюнча мамлекет кандай иш алып барып жаткандыгын, кандай механизация иштеп жаткандыгын, кайсыл банкттар бар экендигин иликтөө боюнча жолугушуу болоорун белгилеп өттү директор өз сөзүндө.