банк

Транспорт жана коммуникация министрлигинде бюджеттик каражатты өз пайдасына колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу №52 жол-эксплуатациялоо ишканасынын жооптуу кызматкерлери 1 миллион сомго жакын каражатты мыйзамсыз пайдаланганы белгилүү болду. Учурда бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: Азаттык