Токтогул1

Арым элинин «Токтогул Сатылган уулу эч күнөөсүз Сибирге айдалган, аны ичибизге алабыз, актоону өтүнөбүз» – деген суроосуна жооп болуп, Токтогул элине турууга уруксат этилип, улуктун колу коюлуп, мөөр басылган актык кагаз Токомдун колуна тийди. Токтогул энеден туулгандай болуп, түрмөдөн биротоло бошоп келе жатканда, алдынан тосуп чыккан сансыз эл күнү бүгүнкүдөй көзүмө элестеп турат…

Током, тосуп алабыз деп келген элге кол кармашып көрүшө берип, чарчап, суй жыгылды. Токтогул чымыр, семиз киши эле. Эми, өңүнөн азып, жышылып калган экен. Камалгандан кийин, мен жетимсиреп

калдым эле. Кубанычтан жүрөгүм алып учуп, көңүлүм толкундайт. Тосуп барган эл аны курчап турганда, менин Токомо учурашкан ырым:

 

Өзөктөш элдер ошондо,

«Өлдү» – деп сенден түңүлгөн.

Кутулуп, эсен келгенге,

Токо, кубанычта турамын!

Байлап берген өлүмгө,

Багыштан, Байзак, Тураалы.

Добулбек, Сапар кордоодон,

Көптүн күчү сынабы?..

 

Келгениңди куттуктап,

Токо, балаңыз Калык ырдады!..

Добулбек менен Сапарга,

Ишенишиң бекер кеп.

Орнотту көптүн бирдиги,

Токо, акталышың бекемдеп.

Айыбың жокто Керимбай,

Алыска Сибирь айдатты.

Ак жеринен карматып,

Аркаңа колуң байлатты.

Калык Акиевдин “Баскан жол” аттуу эскерме китебинен алынды (М.Ө.)

 Жамандап айтып, өткүн деп,

Жалганчы күбө айгакты.

Мончоктоп, жашың агызып,

Ботодой көзүң жайнатты.

 

Өлүмгө кармап бергендей,

Кайназар, Сапар касыңбы?..

Айдараалы, Ажыкан,

Алар сага кандай асылды?..

Бирдиктүү элдин баарынан,

Бригаборуң жазылды,

Эл бирдиги бошотту,

Токо, эзилип жүргөн башыңды!..

Ишенгениң Кайназар,

Имерилип келген жок.

Итике, Сапар тууганың,

Элүү тыйын берген жок.

Бардыгы кедей дыйкандан,

Токо, башкадан сага жардам жок!

Топ букара бошотту,

Током сенде арман жок!

 

Биз ушуга чейин Токтогулдун экинчи ирет камалып келиши тууралуу жазган элек. Ал 1905-жылы декабрь айында өз жерине Сибирден качып келип жашап жүргөн. Ошол беш жыл ал үчүн өтө оор жылдар эле. Анткени ал качан кармап кетээрин күтүп күнү-түнү убайымда болгон эмеспи. Ал өз боштондугу үчүн күрөштү беле? Мына ушулар туурасында, ошондой эле биз али толук маалымат бере элек Токтогул менен Таласка чейин бирге качып келген шериги Айдараалы жөнүндө тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун тактоолорундагы бир аз маалыматты сиздерге сунуш эттик жана улуу акындын качкын жылдарына чекит коёбуз да мындан ары акындын камалышы, сүргүн жылдары тууралуу кеңири маалыматарды бере баштайбыз.

Арыз-наме

Токтогулдун экинчи камалышы өзү менен чогуу качып келген Айдараалы менен байланыштуу. Айдараалы менен Токтогул элине келген соң, алгач өзүлөрүн акталып, биротоло бошонуп келген кишидей алып жүрүшкөн. Экөө тең үйлөнүшөт. Айдараалы молдочулук кылып, балдарды окута баштаган. Айдараалынын качкын экени 1910-жылдын январында гана билинген. Ал жөнүндө архивдик маалыматтардан:

«Айдараалы 1898-жылы май айындагы окуяга катыштыгы бар катары сүргүнгө айдалган. Кийинчерээк бул жаза атайын Манифест боюнча Забайкал облусуна жер которуп айдоо менен алмаштырылат. Колундагы бир жылга берилген паспорт Забайкал облусунда гана жарактуу экендигине карабастан Фергана чөлкөмүнө качып келип, 4-5 жыл Анжиян, Наманган уезддеринин ар кайсы жерлеринде жашап жүргөн. Арым болуштугунун 1-айылында жашоочу Шераалы Урустабаевдин кызына үйлөнүп, өзүн молдо жана окутуучу катары көргөзүп Суусамыр болушунун кандидаты Шадманаалы Убайдуллаевдин үйүндө жашай баштаган. Анын «Сибирден кандайча келдиң, мөөнөтүңү бүтүрүп келдиңби, же качып келдиңби?» — деген суроосуна, «мөөнөтүм бүтүрүп, бошоп келдим», — деп ишенимдүү жооп берип, орус тилинде жазылган кандайдыр бир күбөлүк көрсөткөн. Наманган уездинин 15-январь 1910-жылдагы билдирүүсү боюнча Айдараалы ал кандидаттын үйүндө 4 жылча жашап келген. Кийин Суусамыр болуштугунун 4-айылында жашоочу Молдо Эшен Сатылгановдун үйүндө камакка алынып, көп өтпөй Жаңы Маргалаңда округдук сот тарабынан азаттыкка чыгарылган (19-ф., 16861-д., 1—2-6.). Айдараалыны жашырып жүргөндүгү үчүн болуш Медет Чотоев менен анын кандидаты Шадманаалы Убайдуллаев 1911-жылы кызматынан бошотулат (19-ф., 16861-д., 5—6-б.).

Январь айындагы Айдараалынын камалышы Токтогулдун тынчын кетирет, убайымга салат. Элден бөлүнүп качып жүрүшү да экинчи жактан жадатып бүткөн. Натыйжада Токтогул тобокелге салып, апрель айында (1910) Фергана облусттук губернаторуна өзүн Суусамыр болуштугундагы 2-айылына каттоосун өтүнүп арызнааме жазган. Тилекке каршы бул арызы архивден табылбады. Бирок ал арызды текшерүүгө облусттук башкарма 9-апрелде 8720-номерлүү кат менен Наманган уездинин начальнигине жиберилгени белгилүү. Наманган уездинен Токтогулдун ишин текшерүү Нанай участкасынын приставына тапшырылат. Бирок ал келгенде Токтогул коркуп кетип жашынып калат. Участкалык пристав кеткен соң Токтогул 2-жолу 7-майда Фергана облустунун губернаторуна төмөнкүдөй арыза менөн кайрылат;

“Мартабалуу балаан даражалуу Фергана вилайетинин уяну (военный) губернатор хазратимниң жанабларине (жанабрлары үчүн) Наманган районунун Суусамыр болушунун 2-айылынын кыргызы Туктекул Сатылган оуглидан

 Арыз-нааме

Арызмизниң мазмунин баян кыламын. Тиланип аягыңызга башымды коюп хузур (ишеним) тутуп кол куушуруп, арзоом (арызым) ушбудур (ушул) 1898-жылынын май айында катышып Шибар болгон эдим. Жети жылга актаан кеткин эдим. Хазраат ак падышамизнин ундан бери 3 минааписи (Манифести) болду, яна таксыр 1898-жылда Үркүт губерниясында болдум. Шундан бери падышанын кызматында жүрүүр эдим. Машине таш көмүр юлунда (кенинде) көп жыл изасият (азап) көрдүм. Даулетиңизде эмди (энди) тагдыр (таксыр) бу күндө аягыңызга башымды коюп гуленкенизге (көлөкөңүзгө) шолдап саё кылып келдим. Авваалы худайы үчүн экинчи пазратимиз ак падишамиздин хурматы үчүн яна Фуркорлор (прокурор) яне военный губернаторнин хурмати үчүн бу гүндө Наманган уездинин Арын (Арым) волосунун экинчи айылынын ичинде яшаган өзүмүн тууган чешем (энем) жакын туускан ушул убакка чейин зар-зар жыглап келди. Сая тутуп келдим. Көлөкөңүзгө калаамиңниң учунан үмит кылып ач жылаңач жалгыз жыглап жүрдүм. 1909-жылында 20-декабрде Алма-Атага келдим. 1910-жылдын 22-февралында хазрат губернатор-генералга арзи бердим. Энди бу сибап Сизга улук хазратиңизге куп-куп аягыңызга башымды коюп, тиленип буркурап ыйлап улутунуп, жети жылга акдам (ак жеримен) Шибарда болгон эдим. Энди 12 жыл болду. Сиздин багкы (ачык) колуңузга формайыш (сураныч) кылып, көзүмди яшаан көрүп (көзүмдөн жашым куюлуп) каламизниң учунан үмүт тутуп, кол куушуруп уз калкымдын ичинде фооруку ман (поруки-аманатка, ишеним менен) тапшырып кояр микенсиз деп зар-зар жыглап рахим кылай микенсиз деп арзи берүүчү Токтогул Сатылган уулу тамга салдым.

1910-жылдын 7-майде”. (19-ф., 29122-д. 47-б.).

Акын бул катын казактардын арасында жүрүп келген татар молдого жаздырган-дай. Арызында актанып чыгыштын аракетин жасап, өзүн 1910-жылы келген адамдай кылып көргөзгөн. Бирок андан кийинки сөзүндө өзүн жети жыл бою оор азап тартып жүргөндүгүн бышыктайт. Акындын бул арыз-наамеси Фергана облусунун губернаторуна 28-майда жетип, ал жерден 31-майда Наманган уездинин начальнигине: «Сүргүндөн келген кыргыз Токтосун (Токтогул) Сатылганов туугандарынын арасында жашаганга уруксат сурап, Сибирге кетирбөөнү өтүнөт. Ал тууралуу маалыматтарды топтоп, жыйынтык чыгаргыла, – (19-ф., 29122-д., 4(-б.), деп билдирүү жиберген. 11-июнь 1910-жылы Наманган уездинин начальнигинин милдетин аткаруучу Фергана облусттук башкармасына:

«Сатылганов колунда Сибирден бошонуп келди деген күбөлүгү бар баштанып, Суусамыр болушунун 2-айылына каттоо тууралуу арыз берген. Облусттук башкармасы тарабынан 9-апрель № 8720 деп катталган анын бул арызы Нанай участкалык приставга текшерүүгө жөнөтүлгөн. Азыр арызынын ээсин сүргүндөн качып келди деп айтууга негиз бар. Ошол үчүн аны кармап, Сибирден качып келгендиги үчүн жоопко тартуу керек. Суусамыр болуштугуна участкалык пристав барганда Сатылганов жашынып калган. Пристав Марке чебине келип ал тууралуу маалыматтарды 30-апрель № 4097 деп белги коюлган кат менен жөнөткөн болчу. Сатылгановдун 2-айылга каттоосун өтүнгөн өтүнүчүн тандырууга болбойт же, тактап айтканда анын Сибирден кетүүгө жана жеринде жашоого уруксаты жок – деп билдирген (19-ф.,) Мына ушул билдирүү Токтогулдун сүргүн мезгилине байланыштуу азырынча акыркы күбөнааме. Акындын экинчи камакка алынышы тууралуу маалыматтар азырынча табыла электигине байланыштуу, анын экинчи камалышын ырлары аркылуу чечмелесек болчудай.

Токтогул өзү тууралуу жогору жакка билдирген соң, элдин арасында да ачыгын айтып чыгууну туура көрөт. Өзүнүн качып келгендигин Арымдын жайык сазында, Тоялынын ашында элге айтып ырдап, элден өтүнүп:

Бирговор кагаз жазыңар

Бир болуш мөөрүн басыңар, — деп ырдаган. Бул июль айында болгон окуя. Анткени кыргыздар аш-тойлорун жайлоого көчкөндө, жайлоо күчүнө кирип, мал семиргенде гана өткөрүшчү. Анын үстүнө жогорудагы Наманган уездинин начальнигинин 11-июндагы билдирүүсү Фергана облустук башкармасына 14-июнда жеткен. Алар Токтогулду камакка алуу, тууралуу бул сунушка макул болуп, ал жактан жооп келгиче, андан Наманган уездинин начальниги участкалык пристанга буйрук бергиче арадан он-он беш күн өтөт да, июль айына туура келет. Токтогулду бул ырынан кийин аксылык Жуманаалы келип айдап кетет. Ошентип акын 1898-жылы 11-июнда биринчи камакка алынса, 1910-жылы июль айынын башында, туура 12 жыл өткөндө, экинчи камакка алынып олтурат. Анын экинчи камакка алынышы Кетмен-Төбөнүн элине, Ниязалы, Жеңижок, Калык баш болгон белгилүү акындарга зор таасирин тийгизип, алар акынды бошотуп алууга жапырт чыгышкан. Акын жашаган Арым болуштугунун эли бирговор жазышып Наманган уездинин началнигине барышат. Бул тууралуу Токтогул “Күлүк элем талбаган” аттуу ырында:

Түрмөдө жатсам кат барды,

Окутуп уксам жакшы кеп.

Кат жүзүнө жазылган

“Ишиңдин жөнүн ачты”-деп,

Бир болуш эл чогулуп

Бирговор кагаз жазды-деп ырдаган. Бул бирговорду Токтогулдун акыркы жашаган жери Көйтүнгө жиберишет. Өзүнүн кантип бошонгону тууралуу экинчи айдоодон келгенде Калык менен учурашып түрмөдө жатканда бирговор жазып бергениңерди билдирген катыңарды алып аябай сүйүндүм:

Ошол бирговор барды Көйтүнгө

Бир болуштан жазылып.

Андан жооп келгенче

Абакта жаттым жашынып.

 

Бирговор келип үйөзгө

Актыгым тийди колума.

Азыраак сурап кайтара

Ишимди салды оңуна.

Төрт ай жаттым түрмөдө.

Бирговорум келгиче,-деп баяндайт.

 

Мамат Өсөров