кытай1- кытай-

Бүгүн, 2014-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  өлкөбүзгө КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Атайын өкүлү катары расмий сапар менен келген Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн түрдүү тармактарында кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле  Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда көп пландуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү маселелери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев  Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине ар дайым колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-кытай стратегиялык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ян Цзечи Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда мамилелер жогорку ыргакта өнүгүүсүн, алардын ийгилиги  жогорку деңгээлде ырааттуу жемиштүү жолугушуулар менен камсыз кылынып жаткандыгын белгиледи. “Үстүбүздөгү жылдын май айында Сиз Кытайга мамлекеттик сапар менен абдан ийгиликтүү барып келдиңиз. Сиздер Кытай Эл Республикасынын  Төрагасы Си Цзиньпин менен Душанбеде ШКУнун саммитинде дагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүңүздөр”, – деди Мамлекеттик кеңештин мүчөсү.

Ян Цзечи ошондой эле Алмазбек Атамбаевге Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жолдогон саламын жеткирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлор өлкөнү өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын  Төрагасы Си Цзиньпинге салам жолдоп, эң жакшы каалоолорун билдирди.