бала

Ошто жаш энени “никеси жок төрөгөнүңдү айтам” деп коркутуп, баласын тартып алган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Чоң-Алай районунун 19 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 28 жаштагы М.К. аттуу аял коркутуу жолу аркылуу жаңы төрөлгөн ымыркайды өзүнө каттатып алганын айткан.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде чынында эле арыздануучу Оштогу жеке клиникалардын биринде бала төрөгөнү аныкталган. Жаш энени М.К. аттуу аял “никеси жок төрөгөнүңдү туугандарыңа айтам” деп коркутуп, баланы 10 миң сомго сатып аларын айткан. Ошондой эле ал жеке клиникага төрөт учурундагы чыгымдардын баарын төлөгөн. Андан соң жасалма документтер аркылуу баланы өзүнө каттатып, убада кылган акчасын бербей жаш энени жолуна салган.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак: super.kg