Көк бөрү1   23-февраль—Мекенди коргоочулар күнүнө карата Сузак районуна караштуу «Телтору» ат майданында кыргыздын улуттук  ат оюндарына кирген «Көк бөрү» боюнча ири мелдеш өткөрүлдү,-деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы. Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлгөн мелдештин уюштуруучусу жана демөөрчүсү Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева болду. Өкүл өзүнүн фондунан көк бөрү мелдешине 50 миң сом акча каражатын бөлүп берди. Өкүлчүлүктүн тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечелов маалымдагандай, калган 35 миң сом байге каражатын облустагы укук коргоо органдары тарабынан жыйналган.

Мекенди коргоочулар күнүнө карата арналып өткөрүлгөн «Көк бөрү» мелдешин  Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары  Бактыбек Анаркулов куттуктоо сөз сүйлөө менен ачып, мелдештин катышуучуларына адилеттүү калыс оюндарды көргөзүүсүн каалап, аларга ийгилик каалады.

Жалпысынан 5 миңден ашуун көрөрмандар катышкан «Көк бөрү» мелдешине облустун аймагынан 10 команда катышты. Кызуу таймаштар менен өткөн мелдештин жыйынтыгы менен  биринчи орунду жана 25 миң сом байге сыйлыгын Сузак районунун «көк бөрүчүлөрү», экинчи орунду жана 20 миң сом байге сыйлыгын Жалал-Абад шаарынын командасы жана байгелүү үчүнчү орунду жана 15 миң сом сыйлыкты Ноокен районунун «көк бөрүчүлөрү» колго киргизишти.

Байгелүү орундарды камсыз кылышкан командаларга жалпысынан бөлүнгөн 85 миң сом акчалай сыйлыктарды өкүлчүлүктүн аппарат башчысы Нургазы Нармырзаев тапшырды.

Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу